Тийешелүү жетекчилерге коронавирустун чыкканы сонун болду окшобойбу. Анткени, ошол оору менен күрөшсүн деп дүйнөлүк финансы уюмдары эбегейсиз акчаларды карызга жана грант түрүндө берип жатат, жеке адамдардын бергени бар. Ушуга чейин алынган акчанын так суммасын айткан бирөө жок. Өкмөт тарап кайдан канча акча келди, алар кайсы иштерге коротулуп жатат… сыяктуу суроолорго ошол коротулган каражаттын бир тыйынына чейин эсептеп элге отчет берип турушу керек эле. Анткен бирөө жок, антейин деген бирөө жок?! Демек, ошол эбегейсиз суммадан жеп жатышат жана жегенге түрдүү жолдорду түзүп жатат. Жаман оюмда каржы министри Бактыгүл Жээнбаева далай каражатты «майкандап» таштады го деген «тентек ой» бура бастырбай турбайбы?! Анын да себеби бар. Былтыр эле финполиция бул министрге каршы кылмыш ишин козгоп, кабинетин тинтип да жиберген. Изи жок жоголгон миллиондорду издешкен. Анан эле бул Жээнбаева дегениӊ чет жерге президент менен кошо борып келди эле… ошол бойдон баягы кылмыӊ иӊи тык токтоду. Ал ишти президент токтотту окшобойбу?! Айла жок, «тайгак кечүүдөн» жол тапкан бул аял оӊой эмес көрүнбөйбү?! Ошол шектүү министрден шек алып жатпайбызбы?! Деги бул министр соо эмес?!
Ооба, министрлер жана башка жетекчилер кайсы бир каражатты жеп жатканын эч качан билдирбейт, тим эле касам ичкенсип кубарып-кумсарып турушат. Анан бир күнү эле ошол чоӊ баланча деген миллионду жутуп жибериптир дегенди угуп калабыз! Маселен он жетекчи жеп-ичсе бирөө эле билинет же колго түшөт. Ошол колго түшкөнү да курусун- ал неме суралган болуп, тергелген болуп… анан «үй камагы» дегенге чыгып, андан ары эркиндикке даӊгыр жол!
Эркиндик алдык делген 30 жылдын ичинде 4,5 миллиард карыз болдук эле, акыркы бир жылга жетпеген убакта карнызыбыз 1 миллиардга көбөйгөнү калды! «Жегенди кан буугандай токтотуш керек!» деп чоӊдор чогулуштарда сүйлөгөн сайын ошончо көп жеп-ичилип жатат!
Кийинки күндөрү коронавирус оорусу күчөп барат. Медицина тармагыбызга «а жетпейт, бу жетпейт» деген абал келип шайыбыз ооп турат… миллиондогон доллардын изи кошо табылбайт?! Ошол жардамга келген каражатты жолу менен коротсо эле азыр өтө зарыл болуп турган иштерге кеӊири жетип бермек… Желмогуздар жеткирбес!
Мамлекетти башкарган иш билги жетекчилери бар мамлекеттер коронавирус чабуулуна ошол шартты тереӊ түшүнүп, каршы туруп, аздан ал оорунун жеӊип барат. Нечендеген ооруканалар салынып жатат. … Биздегидей мамлекети да, жетекчилиги да чабал немелер дайнын таппай калды. Элинин көбүн оорутуп, бир канчасын өлүмгө туш кылып, түштөн кийин гана бир нерсе жасаган болуп наркы-терки чабагандап, элине кайрылып мыкты убадаларды берип, айтор, адаттагыдай эле куру сөздүн кулу болуп олтурат! Бишкек менен Ошко жүз орундуу эки оорукана салабыз деп айтып түгөтө албай жатат. Премьер-министр Боронов ошону «минип алып» салтанаттуу кетип баратат… Эйлер, андай ооруканалар небак эле курулуш керек эле, анан да экөө эмес, эсепсиз санда! Жардамга келген каражат жетип берет эле…
Ооба, эл-журт жардамга берилген акча кайда жана кандай жумшалып жатканын сөзсү билгиси келет. Акысы бар…
Боронов премьер-министр катары «ак иштейм» деп антын берген. Эми ошол «ак ишин» жардамга келген акчалар кайда кетип жаткандыгы жөнүндөгү отчеттон баштасын! Ал отчетто жардамга келген каражаттын ар бир сому кайда жумшалганына чейин «коллегиялуу үн» менен айтылышы керек…
Баратбай Аракеев
Булак: Багыт