Домой Саясат Өкмөт башчы базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып чыкты

Өкмөт башчы базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып чыкты

36

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөргө барды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү экенин айтты.

«Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам. Бизде коронавирус инфекциясы катталган жок, бирок бул кырдаалдан пайдаланып, кызыкчылыгына жетүүнү каалагандарга азгырылбаш керек. Бул абалдан чыгууга жана өз жарандарын зарыл болгон бардык товарлар менен, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттин чамасы жетет», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы өз кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда.

Ундун баасы бардык облустарда көтөрүлүп кетти. Өкмөт буга байланыштуу чара көрүлөрүн айтып жатат. Бирок азырынча кайсы бир тараптарга чара колдонулганы боюнча маалымат жок.

Булак: Азаттык