Домой Коом ИИМ: коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

ИИМ: коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

45

Милиция жалган маалымат тараткан жарандардын тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын, учурда республика боюнча 15 факты катталганын маалымдады.

Алардын бири Бишкек шаарынын Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы тургуну болгон. Ал «Instagram» социалдык тармагы аркылуу «короновирус өлкөгө келген, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жатат» деген жалган маалымат тараткан. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 344-беренеси («Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган экенин билип туруп маалымат таратуу») менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ички иштер министрлиги жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Милиция мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын билдирет.