Домой Коом Обсервациялардын биринде каза болгон ыктыярчы студент боюнча министрлик билдирүү таратты

Обсервациялардын биринде каза болгон ыктыярчы студент боюнча министрлик билдирүү таратты

37

Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент кыз каза болгону тууралуу маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон кыз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болгонун айтып, анын өлүмү боюнча билдирүү жасады. «Каза болгон кыз 1998-жылы туулган М.А. болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо иштери факультетинин 5-курсун аяктаган. «Discoveri» мейманканасынын имаратында ачылган убактылуу стационарда ыктыярчы медайым болуп иштеп жүргөн. 13-июль күнү болжол менен саат 19:45 чамасында күтүлбөгөн жерден анын абалы начарлап, тарамыштары тартыла баштаган. Жүрөк-өпкө реанимациясы башталып, 40 мүнөттөн кийин (20:45те) бейтап көз жумган. Кесиптештеринин айтымында, ал буга чейин өзүн жаман сезген эмес. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон. Так диагноз соттук-медициналык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот. Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — дешти мекемеден.