Домой Коом Бишкекте адистер 5G технологиясына байланыштуу кайрылуулар боюнча текшерүү жүргүзөт

Бишкекте адистер 5G технологиясына байланыштуу кайрылуулар боюнча текшерүү жүргүзөт

71

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет менен (МТБМК) бир нече тийиштүү мамлекеттик органдар электромагниттик жыштыктардын нурлануусунун деңгээлин текшерет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Мамлекеттик органдар 15-июлда Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда көчмө жыйын өткөрүп, электромагниттик жыштыктардын деңгээлин текшерет. Мындан тышкары «MegaCom» компаниясынын адистери байланыш операторунун жабдыктарды жана келечектеги технолиялык өнүгүү жөнүндө айтып беришет.

“Бул иш-чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке түшкөн кайрылуулар, 5G технологиясынын зыяны жана байланыш операторлорунун мүлкүн талкалоо боюнча социалдык тармактарда тараган кабарларга байланыштуу маалымат берүү иретинде уюштурулуп жатат”, — деп айтылат комитеттин маалыматында.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес жана анын жабдыктарынын адамдын ден соолугуна тийгизүүчү зыяны тууралуу тастыкталган маалымат жок экенин билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 5G технологиялары жок, байланыш операторлору Байланыш агенттигинин уруксатысыз мындай жабдыктарды орното албайт.

Мекеме белгилегендей, фейк маалымат таратуучулар дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байлап, эл арасында радиофобияны күчөтүп жатышат.

Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө «5G антенналары вирус жайылтат экен» деген сөз тарап, айрымдар өкмөт бул маселени иликтеши керек деген демилге көтөрүшкөн.

Булак: Азаттык