Домой Маданият Нурлан Насип: Аселдин абалы акырындап жакшырууда

Нурлан Насип: Аселдин абалы акырындап жакшырууда

2321

Автокырсыкка кабылып, ооруканада дарыланып жаткан ырчы Асел Кадырбекованын бүгүнкү күнгө карата абалында жылыш бар. Бул тууралуу анын жолдошу Нурлан Насип тарабынан маалым болду. Айтымында, Аселдин абалы акырындан жакшырууда. «Ал интенсивдүү палатада дарыланып жатат. Күнү-түнү жанындабыз, жылыш бар», — дейт ал. Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган. Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган. Учурда ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалган.