Домой Коом Илдеттен жабыркап чын дүйнөгө узап кеткен Замира Жантаевадан ачык кат

Илдеттен жабыркап чын дүйнөгө узап кеткен Замира Жантаевадан ачык кат

3621

Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, көптөгөн сыйлыктардын ээси, белгилүү акын Замира Жантаева 16-июлга караган түнү 61 жашында каза болгон. Маркумдун жакындарынын айтымында, акындын өпкөсү сезгенип ооруп, көз жумган.

Кечээ жакындары маркумдун Фейсбуктагы баракчасына “Акыретке кеткен адамдан ачык кат” деген аталыштагы пост чыгарышты. Анда акын шалаакылыктын курмандыгы болгондугу жазылган. Бул тууралуу жазгандарын өзгөрүүсүз толугу менен төмөндө бермекчибиз:

“Акыретке кеткен адамдан ачык кат.
Аттиң арман.
Сайган чырпыктарымдын, чынар терек болгонун корбой, сайган бутактарымдын момолуу дарак брлгонун корбой арманда кеттим. Наалат тийгир илдет сен мени алып тындын.
Андагы жаным кыйналганын соз менен жеткирип беруу кыйын. Уч кун бою биздин тез жардамга жардам сурап чалып жаттык, “кундузгу стационарга барышымды, тез жардам бригадасы жетишпей жаткандыгын” айтышты, айла жок балдарым салып алып ар кайсы бейтапканаларды кыдырып жаттык, эч бир женде оорун жок, айла жок кундузгу стационарга алып барып капельница куюп жатышты, абалым оорлой берди, акыры бейтапканага жатканга мумкунчулугубуз болбогондугуна байланыштуу ыктыярчы балдарды чакырып, кычкылтек аппаратына кошушту. Аттин ай жан татуу экенин, АБА адамга Ала-Тоодой алтындан да кымбат экенин мен ошондо сездим. Ал аппараттар мага болгону 12 саат кана жардам бере алды, сатурация 70 тон которулбой калганда айлабыз кетип, балдарым жалдырап ботодой боздоп, менин ахыбалымды тушундуруп атып тез жардам чакырышты. Тез жардам кызматкерлерине сатурация аппаратта жатканда 70 андан алса тушуп кеткенин тушундуруп атсак дагы, кычкылтеги жок машина жибериптир, саат 11 де тушкон тез жардам машинасы менен кычкылтеги жок 4 саат шаар ичин кыдырып бир да оорун таба албадык. Аттин ай ошондогу жанымдын кыйналганын, аба жетпей тумчукканымды жалгыз Алла Таалам жана кызым сезип турду, акыркы эч бир оорун таппаганыбыздан Аламедин1 деги 38 мектептеги стационарга барып жаттым. Ал жактан менин кебетемди ахыбалым ото оор экенин кайдыгер эмес адамдар ар кайсы инстанцияга чалып жатышты. Акыры Гансиге орноштураарын билип балдарым абдан суйунушту, акыры акы толонуучу тез жардам унаасы менен кечки маал Гансиге алып жоношту. Ал женде оорун жок деп 1 сааттай туруп калдык, акыры Мэриянын кийлигишуусу менен жаттым. Киргизгенде тан калыштуусу жарым корпус бош экен, айла жок тил кыска эмне дейбиз, мага 21 00 сайылуучу даарылар, тунку саат 3 то сайылды. Ошентип мен шалаакылыктын курмандыгы болдум. Эртеси абалым ото оор болуп калды, денемде олумдун белгилери болгон тактар пайда боло баштады, ошондо тызылдап реанимацияга жоношту, а бирок баары кеч болуп калган. Аттин арман. Бейиштин эшиктери ачык болгон, кундордун султаны болгон, Жума куну менин жанымдын ээси болгон Затка кайттым. Артымда балдарым калды, айтылбай арманым калды. Аттин оз чонтогун толтурган бийлике, оз керт башын ойлогон бийлике, айткым келди: КЕПИНДИН чонтогу жок экен, ЖЫЛАНАЧ келип, ЖЫЛАНАЧкетет экенбиз. Мендей болуп эч бир Жан кор болбосун, ар Бир Жан олумдун даамын татуучу».

Маркум Замира Жантаева 61 жашта болчу. Ал 1959-жылы 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында туулган.

1976-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Соода техникумун аяктаган. Эмгек жолун Кара-Кужур жумушчулар кооперативинде баштап, кийин райондун Керектөөчүлөр коомунда иштеген.

Жантаеванын ырлары алгач “Эмгек Туусу” гезитине, кийин “Чүй баяны” гезитине, “Мугалимдер журналына” жарыяланып турган.

Маркумдун артында төрт кызы жана бир уулу калды.

Булак: Барс