Домой Коом Нурлан Мотуев карантин аяктаары менен 1000$лык тойлорго ырдоого даяр

Нурлан Мотуев карантин аяктаары менен 1000$лык тойлорго ырдоого даяр

254

Көмүр падышасы атыккан Нурлан Мотуев өзүнүн интернет баракчасынан кароке ырдап бөлүшүп келет. Нурлан мырза чыгармачылыкка кызыгуусу күчөп «өзүмдү шоу тармакта сынап көргүм келүүдө, ырчы болсом тойлорго 1000 доллардан кем сурабайм»- деп ЖМКлардын бирине маек берип талкууга калган.

Эми болсо карантин бүтсө эле тойлорго ырдоого даяр экенин билгизип, ал эле эмес ага алгачкы кардар чыгып соодалашуусу кызуу жүрүп жатканын айтып чыкты.

“Мына эми тойго чакыра башташты. Инстаграмдагы соодалашуум. 700 $га дейт. Аягына чейин окугула. Эмнеси болсо да, айтор, ушул апааттан аман чыгып, тойлордо жолугушуп туралы”-дейт Нурлан мырза.

Булак: Багыт