Учурда Швецияда жашап жаткан мекендешибиз, журналист Мирбек Айтикеев социалдык баракчасына коронавирус илдетинен айыккандыгы тууралуу жазды. SUPER.KG порталы журналист менен байланышып, коронавирус инфекциясы кандай өткөнү, аны кантип жеңгени жөнүндө кенен маек курду.
— Саламатсызбы, Мирбек мырза? Сиз коронавирус менен ооруп, айыккандыгыңыз тууралуу айтып чыктыңыз. Ошол тууралуу кенен маалымат берсеңиз, вирусту кайдан жуктуруп алдыңыз эле?
— Саламатчылык. Февралдын соңу марттын башында поезд менен узак жолдо эки ирет жүргөнбүз. Эл көп чогулган ресторандарда, метродо болгонбуз. Ошол жактан жугушу мүмкүн деген шектенүүбүз бар. Андан сырткары биз учурда окуп жатабыз. Балким, ошондо жуктуруп алгандырбыз.
— Оорунун белгилери кандай болду?
— 10-мартта болсо керек, жакшы жүрүп эле сөөктөрүм, муундарым, булчуңдарым сыздап ооруп баштады. Суук тийип калган окшойт деп чайга лимон кошуп ичип, кадимкидей алдын алып, үй шартында болдум. 2 күндөн кийин келинчегим да дал мендей болуп ооруду. Экөөбүз 3-4 күндөй ошондой абалда жүрдүк. Андан кийин кургак жөтөл башталды, аны улай дене табыбыз көтөрүлүп жатты. Бир түндө бир нече ирет көтөрүлүп, кыйналдык. Швецияда алдын ала «коронавирустун белгилери аныкталгандар үйүңөрдө болгула» деп эскертилген болчу. Ага карабай жакын аралыктагы ооруканага бардык. Ооруканаларда өнөкөт оорусу барлар жана улгайгандарды гана кабыл алып, тест жасап, ооруканага жаткырып жаткан. Бизде кандай белгилер болуп жатканын айтып берсек, тест тапшыртпай эле «суу көп ичкиле, дене табыңар көтөрүлгөндө курамында парацетамол бар арбидолду ичкиле деп, дагы бир жөтөлгө каршы сироп жазып беришти. Дарылар 15 доллардын тегерегинде болду.
— Ошентип дарылоону үйдөн уланттыңыздарбы?
— Ооба, үйгө барып бат-баттан кайнатылган суу, кайнатма шорпо ичип жаттык, чайга лимон, бал, имбирь кошуп ичтик. Эртең менен сүттү кайнатып бал кошуп ичтик. Жер-жемиштерди: анар, алма, алмуруттарды көп жедик. Оору 5 күндөй аябай катуу болду. Табит жоголуп, алсырап, дээрлик эч нерсе жей албай суу гана ичип калдык. Коронавирус кадимки сасык тумоодон 3 эсе күчтүү оору экен. Акыры Кудайга шүгүр, мен 12 күн, келинчегим 17 күндө толугу менен айыктык.
Бул вирус, балким, өнөкөт оорусу бар адамдар, улгайгандар үчүн оор болушу мүмкүн. Анткени бизде да дем алуу кыстыгып, өпкө кыйналып жаткандыгы кадимкидей сезилип жатты. Бирок ден соолугу чың, иммунитети күчтүү адам бул ооруну дары-дармексиз эле суюктукту көп ичип, мөмө-жемиштерди көп жеп жеңе алат экен.
— Кыргыз өлкөсүндө учурда коронавирус менен ооругандардын саны күндөн-күнгө өсүп, элдин арасында дүрбөлөңгө түшүп корккондор бар, ошол эле учурда ооруну олуттуу кабыл албагандар бар. Аларга кандай пикир айтмаксыз?
— Негизи дүрбөлөңгө түшүүгө деле негиз жок. Анткени адамдын иммунитети күчтүү болсо, вирус менен өзү күрөшөт. Ансыз деле адамзат жылына 2-3 жолу сасык тумоо менен ооруп жатпайбы. Бул деле ошол сыяктуу эле, бирок күчтүүрөөк. Ооба, чындыгында оор болот. Адам арыктап, ал-күчү кетет. Ар кандай ойлор келет. Бирок адам бул нерсени негативдүү кабыл албоосу керек экен. Биз оору тууралуу интернеттен көп окудук. Бакыт гормондору (гормоны счастья) деп коюшат го.
Адамдан бакыт гормондору бөлүнүп турса, иммунитет күчтүү болуп вирус менен күрөшөт дегенди окуп, көңүлүбүздү көтөрүп жакшы ниет, үмүт менен жашадык.
Элдин коронавируска олуттуу маани бербей коюусу туура эмес. Биз колду жуугула, аралыкты сактагыла, үйдү таза кармагыла деген эрежелердин баарын сактап, вирус менен күрөштүк. Мындай эрежени баары сакташы керек. Ошол эле учурда чума, ВИЧ, СПИД сыяктуу жаман оорулардай кабыл алып, ооруган адамдан алыс качпай, билимсиздик, караңгылык кылбай, акыл калчап иш кылуу кажет.
— Бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде коронавирус менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн 3000 доллардай акча кетиши мүмкүн деген маалымат айтты. Бул ойго кошуласызбы?
— Өнөкөт оорусу барлар, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатып калгандар, дарыгерлерге төлөнүп жаткан кошумча айлыкты кошкондо айрым бейтаптарга 3000 доллар кетип калышы мүмкүн. Бирок ар бирине андай каражат кетпейт. Мисалы, айрымдары дары ичпей өзүнүн иммунитети күрөшүп, айыгып кетет. Ал боюнча өкмөт, бийлик өзүнүн отчётун берер.
— Швецияда учурда абал кандай? Кандай эрежелер киргизилген?
— Шведдер абдан жоопкерчиликтүү келишет. Бир-эки эрежелер бар, мисалы, ресторандарда 50дөн ашык адам болбошу керек, ооруган адам көчөгө чыкпай 14 күн үйүндө изоляцияда болуусу зарыл. Көп өлкөлөрдөй болуп бул жакта карантин жарыяланган жок, элди чектеп же мажбурлаган жок. Көчөдө эл ээн-эркин сейилдеп жүрөт, биринде да бет кап жок. Бет кап кийгиле деген талап да коюлган эмес. Өзү үчүн корккондор үйүндө отурушат.
— Маектин соңунда өз тажрыйбаңыздан улам элге кандай кеңеш берип кетмексиз?
— Адистер айткан сунуштун баарын аткарып, үй шартында деле эки аптада коронавирустан айыгып кетсе боло тургандыгын айткым келет. Анан да элибизде тынччылык болуп, адамзаты ооруну жеңип чыксын жана элибизди кирип келген Рамазан айы менен куттуктайм!
— Маегиңизге рахмат! Саламатта болуңуз!