Домой Криминал Ноокатта баласы атасын кетмен менен өлтүрүп алды

Ноокатта баласы атасын кетмен менен өлтүрүп алды

127

Кечээ, 30-ноябрь күнү Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну атасын уруп өлтүрдү. Бул  маалыматты милиция тактады.

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган Р.Ж. өзүнүн үйүндө атасы Р.М.ны кетмен менен башка уруп өлтүргөн.

Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз катчысы тастыктап, кийин кошумча маалымат берилерин билдирди.