Домой Саясат Кыргыз эли Жээнбековдун 300 миң сом пенсия алышына караманча -каршы

Кыргыз эли Жээнбековдун 300 миң сом пенсия алышына караманча -каршы

3704

Эки күн мурун Каржы министрлиги 3 жылда мамлекетти алдыга эмес, артка сүйрөсө да, уялбастан экс-президент макамын алып алган Сооронбай Жээнбековдун 2 айлык пенсиясына 296 миң сом бөлүнгөнүн кабарлаган эле. Мына ошондон тартып бул маселеге жалпы калктын калың катмары караманча каршы чыгып, катуу сынга алышууда. Басымдуу көпчүлүктүн суроо бирдей: «Кайсы эмгеги үчүн мынча акча алат? Эмнени кыйратты эле?» Албетте, элдин бул сөзү кашкайган чындык экенин жокко чыгара албайт. Андыктан Жээнбеков өзү ушул сындардан оң жыйынтык чыгарып, олчойгон пенсиядан баш тартышы зарыл. Болбосо арты жакшы болбос… Аш болот деп айтууга ооз барбас…