Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 7-сентябрь күнү Надежда Чудакина аттуу 71 жаштагы улгайган аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Маркум бүткүл районго табып, сыныкчы катары таанылган аял болгон. Ош облустук милициясы табыптын өлүмүнө шектүүнү таба элек.
“АЛЫСТАН АТ АРЫТЫП, СЫНЫКЧЫ АПАГА ШЫПАА ИЗДЕП КЕЛИШЧҮ”
Маркум аялды аймакта эл Надя апа деп таанышат. Өзүн анын кошунасымын деп тааныштырган аял буларды айтып берди:
– Мен Надянын бир көчө ары жакта жашаган кошунасы болом. Ал небереси менен чогуу жашачу. Окуя болгон күнү небереси түтүндөн чочуп ойгонуп, сыртка чыгыптыр. Анткени кылмышкерлер аялды өлтүргөн соң үйүнө өрт коюп кетишкен экен. Кыз короодо жаткан чоң энесинин жансыз денесин көрүп, кошуналарын жардамга чакырыптыр. Жакын жашаган кошуналары өрттү өчүрүп, “Тез жардам” жана милиция кызматына телефон чалышыптыр. Надя көп жылдан бери бейтаптардын чыгып кеткен сөөктөрүн салып, сынык-жарактарын таңып, табыптык менен алектенчү. 70 жаштан ашып калса да көп бейтаптарды көрүп, шыпаа таап алдуу-күчтүү жүрчү. Атын уккандар алыскы райондордон бери жол арытып атайын келип көрүнүшчү, ошол себептен үйүнөн киши үзүлчү эмес. Эч кимге зыяны жок, элге пайдасы гана тийген аял болчу. Азыр көп адамдар кабарды угуп, ыйлап келип жатышат. Сөөгү 9-сентябрда жерге берилди.
“КОРООДО КӨМКӨРӨСҮНӨН ЖАТЫПТЫР”
– Милиция кызматкерлери кылмышкерди издеп жатышат, бирок дагы эле табыла элек. Үйдөгү небересинин айтымында, ал кырсык болгон күнү сырттан чоң энесинин «дагы келдиңби?» деген сөзүн угуптур. Андан соң уктап калып, качан гана үй өрттөнүп, түтүндүн жыты мурдуна келе баштаганда ойгонуп, кошунасына жардам сурап барыптыр. Коңшусу короого киргенде эле көмкөрөсүнөн жаткан аялды жана кан болгон бычакты көрүптүр. Ага ким кара санашы мүмкүн экенин билбейм. Акчасына кызыкканбы десек, эч нерсесине тийбептир.
Эки уул, бир кызы бар. Кызы Орусиядагы бир адамга турмушка чыгып кеткен. Бир уулу ушул эле айылда турат. Колундагы 12 жашар небереси кичүү баласынын кызы. Кичүү уулу каза болуп калган.
“АЙЫЛДЫН АРДАКТУУ ТУРГУНУ БОЛЧУ”
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Райымберди Курманкуловго байланышып, үрөй учурган окуя тууралуу сурадык.
– Маркум Мырза-Аке айылынын ардактуу тургуну болчу, 1948-жылы туулган. Медициналык билими бар, кесиби медайым эле. Ошон үчүн мыкты сыныкчы аталган. Чындыгында элге аябай көп кызмат кылды. Бейтаптар бир эле бул аймактан эмес, Талас, Нарын, Ысык-Көлдөн, жадакалса кошуна өлкөлөрдөн келип көрүнүшчү. Анын минтип киши колдуу болору кимдин оюна келиптир. Бирөө менен жакшы-жаман айтышканын уккан эмесмин, ошол себептен касташкан бирөө-жарымы бар эле деп айта албайм. Калганы эми укук коргоо органдарынын иши да, алар дагы катуу аракет кылып жатышат. Элдин баарына шыпаа тапкан адамдын өлүмүнө күнөөлүү табылса деп отурабыз.
“КЫЛМЫШТЫН БИР НЕЧЕ ВЕРСИЯСЫ БАР”
Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев шектүүнү табуу оорчулук жаратканын жана иш боюнча бир нече версия каралып жатканын айтты:
– Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат. Аялдын сөөгүнөн 1,5 метр алысыраакта канга боёлгон бычак табылган. Ага да өзүнчө тиешелүү экспертиза дайындалды. Тилекке каршы, өлтүргөн киши табыла элек, издөө иштери жүрүп жатат.
Бул аял мурда медициналык кызматкер болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан экен. Анын үйүнөн 200 миң сомдон ашык акча табылды. Бирок шектүүлөр мындан башка дагы чоң суммадагы акчаны алып кеткен болушу мүмкүн. Себеби табыпчылык менен алектенген аял көрүнгөнү келгендерден 1 күндө 15-20 миң сомго чейин каражат таап келгени айтылып жатат. Чыгып калган колун, бутун, белин салдырганы бир күндө бир нече, ар кандай киши келчү экен. Ошондуктан ар түрдүү версия менен иш каралып, шектүүнү аныктоо кыйынга турууда. Бул кылмышта кеминде эки киши болушу мүмкүн деген божомол бар. Кылмышкер аялга артынан 9 жолу бычак сайып, үйүн өрттөгөнгө жетишкен. Муну 1 эле адам кылганбы же жокпу аныкталып жатат.
Орусиядан кызы келген, окуяга күбө болгон небересин ошол кызы карап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Айпери Хожаева
Булак: Супер