Аскер прокуратурасы КСДПнын 12-сентябрда партиянын ижарага алынган кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү боюнча кайрылуусуна жооп берди. Бул туурасында КСДПдан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, имараттагы, анын ичинде КСДП ижарага алган иш бөлмөлөрдөгү тинтүү Бишкек шаардык Биринчи Май райсотунун токтомунун негизинде, иштин жагдайларын тактоодо мааниге ээ боло турган предметтерди жана документтерди табуу максатында жүргүзүлгөн.
Бирок Аскер прокуратурасы КСДП саясий партиясынын документтеринин прокуратура жана ИИМдин Тергөө башкармалыгы иликтеп жаткан кылмыш ишке эмне тиешеси бар экенин түшүндүргөн жок.
Андан сырткары, катта тинтүү учурунда кеңседен процессорлор алынып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилгени, текшерүү бүткөндөн кийин ээлерине кайра кайтарып берүү маселеси каралары айтылган. Муну менен бирге Аскер прокуратурасы кайра эле иликтенип жаткан кылмыш ишке тиешеси жок КСДП саясий партиясынын техникалары эмне себептен текшерилип жатканын түшүндүргөн жок.
«КСДП бул иштерди конституциялык укуктарын бузуу катары тааныйт»,- деп айтылат маалыматта.
Булак: Апрел