Домой Саясат Молдомуса Конгантиев таза акталып, коомчулукту кыжаалат ойго салганда

Молдомуса Конгантиев таза акталып, коомчулукту кыжаалат ойго салганда

269

Жогорку соттон генерал Молдомуса Конгантиевдин акталып чыгышы коомчулукта эки ача келишпестикти жаратты. Көпчүлүгү Бакиевдин кандуу бийлигиндеги ИИМ жетекчисинин акталышына каршы болушуп, Акүйгө, сотторго нааразычылык билдиришүүдө. Эске салсак, Молдомуса Конгантиев министр болуп турганда Медет Садыркулов мыкаачылык менен өлтүрүлүп, ага карата “жол кырсыгына кабылган” деген тыянак чыгарышкан (жанында дагы бейкүнөө эки адам жантаслим болгон). Мына ушул ишти будамайлоо, адам өмүрүнө итче мамиле жасалганы эсиңердеби? Кимдер күнөөлүү эле? Бүгүнкү күндө айрым күч кызматкерлеринде баардык так маалыматтар бар. Бирок, “бармак басты, көз кысты” болуп атканы эмнеси? Дагы ондогон буюртма адам өлтүрүүлөр да жоопсуз калабы? Таластыктардын ташталканын чыгарууга барганы унутулдубу?.. Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен баарына көз жумду мамиле кылышканы, ал эми эртең тарых тескери жазылса кимдер айыптуу болушат? Кезек келет. Суроолор көп, бирок азырынча чындык чыркырап турат…

Булак: «Азия Ньюс» гезити