Домой Коом Акзуура Иманалиева: «Атамдын талантын баалап, анын иштеринин улануусуна кызыкдар замандаштарыбыз бар»

Акзуура Иманалиева: «Атамдын талантын баалап, анын иштеринин улануусуна кызыкдар замандаштарыбыз бар»

1376

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызы Акзуура Иманалиева «атамдын бир туугандары менен биргеликте «Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун» ачууну туура көрдүк»-деп билдирди.

«Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууну экинчи ирет жашап жатабыз. Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын. Мындайда ойгонгум келбейт…
Бирок ѳзүмдү колго алып, экинчи ѳмүрүн узак жылдарга жашатууну тилек кылып, атамдын бир туугандары менен биргеликте «Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун» ачууну туура көрдүк. Анткени учурда атамдын талантын баалап, анын иштеринин улануусуна кызыкдар замандаштарыбыз бар экен. Бул албетте, көңүл жылытат. Ошондуктан чар-жайыт иш жүргүзбөй, бир фонддун алдында иш алып барсак туура болчудай. Анын үстүнө ѳлгѳн адамдын атын жамынып, каражат табуунун айласын кылгандарды да кѳрүп келгенбиз. Биз андай жоруктарга жол бербей, моралдык жоопкерчиликти колго алдык. Бул фонд коммерциялык эмес, материалдык пайда табууну көздөбөйт, буюрса, адамдын жан дүйнѳсүн азыктандырчу казына болот. Фонддун төрагасы болуп атамдын бир тууган агасы дайындалды. Кызыкдар тараптар менен кызматташууга даярбыз», — дейт ал.