Домой Саясат Министрди ойготуп койгулачы!

Министрди ойготуп койгулачы!

3
Сокулукта 5 айдан бери кулчулукта жүргөн аял табылды. Сарайда бутуна чынжыр тагылып зомбулук көрсөткөндөргө укук коргоо органдары чара көрбөй жатканын жабырлануучунун тууганы (сиңдисинин күйөөсү) билдирди.

Анын айтымында, ал мындан бир нече ай мурда жоголгон кайнежесин өткөн жумада тапкан. Кайнежесин үч кызы менен Сокулуктагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кулчулукта кармашкан. Окуя болгон жерге милиция келип бардык арыздарды алып, акт түзүп кеткен. Бирок ошол күндөн бери кул кылып жумшагандарга эч кандай чара көрө элек. ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев чара көрбөй кайсы жакты карап отурат? Ага адам тагдыры маанилүү эмеспи? Иштей албаса кетпейби ымтырабай?..

Булак: “Фабула”