Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 26-сентябрда спецназдын катышуусунда тергөөчүнүн жана соттун чечиминин негизинде Соттук өкүлчүлүк борборуна байланыштуу акчаны максатсыз колдонуу боюнча документтерди алуу үчүн Финансы министрлигинде тинтүү жүргүздү.
Тинтүү 1,5 миллион сомдун ордуна 6 миллион сом ашыкча коромжу кылган деген негизде жүргүзүлгөн. Бирок министрдин иш бөлмөсүндө эч кандай тинтүү болбогонун министрликтин маалымат кызматы таратты.
Жээнбаева болсо 30-сентябрь күнү Финансы полициясына суракка барбай, Арменияга Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышканга президент Сооронбай Жээнбековду коштоп учуп кетти. Мына сага коррупция менен күрөш.
Булак: «Фабула»