Мындай чечим бирдей максаттардын жана өз ара тушүнүшүүнүн негизинде кабыл алынды. Келишимге кол коюлгандан кийинки билдирүүлөрүндө саясатчылар алдыдагы шайлоонун маанилүү экенин баса белгилеп, жарандарды активдүү катышууга үндөштү.
“Башкы максат Кыргызстанды анык багыттуу өлкөгө айландыруу жана кыргыз элинин жашоо шартын жакшыртуу үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү болуп саналат”,-деп айтылат меморандумда.
“Бирик” партиясы Чүй жана Нарын облустарында өзгөчө популярдуулугу менен айырмаланат. 15 000ден ашуун мүчөсу бар партия “Мекеним Кыргызстандын” желеги астында шайлоого катышмакчы.