2017-жылдын март айынан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген Узарбек Жылкыбаев шайлоого катышарын ачык айтып, 8-август күнү кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Жылкыбаев өзүнүн командасы менен келип, «Республика» партиясына кошулду. Чынында Узарбек мырза Ысык-Көлдү, андан кийин ордолуу Ошту да жетектеп, өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алды. Жаман иштеп, элдин сынына кабылып, артынан ар кандай кеп-сөздөрдү ээрчитпеди. Узарбек мырзаны бийлик өкмөт башчы кыла турган болуп барып, бул жагы саясат болуп кетти окшойт. Эми Жылкыбаев күчүн шайлоого сарптайт. Элдин баамында Узарбек мырза кийинки жаштардын сап башында болуп, чоӊ саясатта узакка талбай чуркарына ишеним чоӊ. Ылайым ошол чоӊ саясатта позициясы бекем болуп, ташыркабай, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жүрө берсин демекчибиз.
Булак: Багыт