Домой Коом Мамлекеттик кызматкер 50 миң сом пара алып жатканда кармалды (сүрөт)

Мамлекеттик кызматкер 50 миң сом пара алып жатканда кармалды (сүрөт)

148

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жатканда кармалды. Аны Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери колго түшүргөн.

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирген маалымат боюнча, шектүү А.И. коомдук тамактануучу жайды текшерүү учурунда мыйзам бузуу бар экенин айтып, жайкы эс алуучу аянтчаны бузуу шылтоосу менен анын ээсинен 100 миң сом талап кылган.

25-августтагы ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү А.И. 50 миң сом алып жатан учурда кармалды. Ал камакка алынды.

Булак: barakelde.org