Кыргызстан окуучулары аралыктан окутууга чет элдик донор тарабынан камсыздалат.
Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, алдын-ала мониторинг жүргүзүлүп,
өлкө аймактарында 65,5 миң окуучуда смартфон жана 4 миң 800 үй-бүлөдө сыналгы жок экени аныкталды.
Учурда ушул маселени чечүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага катар мугалимдерди да техникалык каражаттар менен
камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Белгилеп кетсек, өлкөдө жыйынтыкталган окуу жылынын 4-чейреги аралыктан окутулду.
Анда окуучулардын бары заманбап жабдууларга ээ болбогондуктан, онлайн билим алууда бир топ кыйынчылыктар жаралган.
Булак: novosti.kg