Домой Саясат Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКга өткөрүлдү

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКга өткөрүлдү

26

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин курамына өткөрүлдү. Бул токтомго  Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Маалыматта:  бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылат.