Домой Саясат БШК: Садыр Жапаров, Каныбек Иманалиев арыз жазды. Талапкерлердин саны 39га жетти

БШК: Садыр Жапаров, Каныбек Иманалиев арыз жазды. Талапкерлердин саны 39га жетти

78

Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Буга чейин Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондон кийин билдирүү жасай турганын маалымдады.

2020-жылдын 14-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылы 22-ноябрда туулган, адвокат Орозобек Капарбекович Мадинов арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 14-ноябрынын саат 11:30га карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 39 арыз (1 арыз – Б. Бакетаевдин арызы кайра чакыртып алынды) түшкөнүн эске салабыз:

1. А. Мадумаров;

2. А. Абдылдаев;

3. К. Чороев;

4. Н. Нышанов;

5. Б. Асанов;

6. К. Исаев;

7. А. Сыдыков;

8. С.Турдумалиев;

9. Н. Мотуев;

10. Р. Тагаев;

11. Ж. Байгуттиев;

12. К. Сооронкулова;

13. А. Касенов;

14. А Эсенбеков;

15. К. Кадыров;

16. Э. Турдубекова;

17. С. Шер-Нияз;

18. У. Кабылбеков;

19. И. Товкеев;

20. Б. Калмаматов;

21. Ж. Камчиев;

22. М. Арстанбек;

23. Т. Уметалиева;

24. А. Малиев;

25. М. Болгомбаев;

26. А. Зарипова;

27. К. Базаркулов;

28. Б. Романов;

29. Т. Жумабеков;

30. И. Ташов;

31. Е. Токтогулов;

32. К. Исмаилова;

33. М. Кайыпов;

34. Т. Бакир уулу;

35. К. Асанов;

36. Т. Ормуков;

37. С. Жапаров;

38. К. Иманалиев.