Жаңы бийлик келгенден бери мыйзамсыз байлык топтогондор, учурунда ири коррупциялык иштерге аралашкандар четинен аныкталып, алардын кылмыштары эскирип калганына карабай эске алынып, күнөөлүүлөр камакка “тыгылып” жатат.
Бирок, бул жакшы саамалак парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго жетпей жаткандай.
Чынында Пирматов «Кыргызнефтегаздагы» башкарып турганда коррупциялык иштерди жасап, миллиондогон доллар өлчөмүндө мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, депутаттык мандатына таянуу менен убактылуу жоопкерчиликтен качып кутулган.
Андан сырткары «Манас» эл аралык аэропортундагы май ташуу боюнча көмүскө бизнес жүргүзгөнү, Бишкек мэриясынан жерлерди алганы, о.э. Чүй облусунан да жүздөгөн айыл чарба багытындагы гектарларды энчилегени айтылып жүрөт.
Башкы прокуратура 2012-жылы «Пирматов кезинде ири өлчөмдөгү каражаттарды жок кылууга катышы бар» деген күнөө менен кылмыш ишин ачып, суракка алуу үчүн депутаттык кол тийбестигин алуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Бирок парламент басымдуу көпчүлүк менен Пирматовду калкалап калган. Ал эми экс-мэр Албек Ибраимов менен чогуу жасаган кыңыр иштери ачыкка чыкса төбө чачты тик тургары айтылууда. Мындан сырткары мурунку «Ала-Тоо» мейманканасын эски маданий маанидеги статусуна карабай талкалап, буздурушуп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салдырып жатканын эч ким белбейт деп ойлойбу?
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого чейин Жалал-Абад облусунда эл менен жолугуп жатканда аксакал кишилердин бири Пирматовдун коррупциялык ишин айтып даттанган эле. “Исхак Пирматов деген бар. Бул киши 586 миллионду жалаң солярка менен бензинге коюп урган. Бир бакчаны, бир заводду, ошондой эле Шопоковдогу 10 млн долларлык базаны 7 миң долларга алган. 2011-жылы коррупцияга каршы иштеген балдар 586 миллионду төлөсүн деп бүтүм чыгарган”, — деген ал. Садыр Жапаров бул факты иликтенерин убада бергени менен бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Эгер Кыргызстанда акыйкаттык болсун десек биринчи кезекте Пирматовду жоопко тартып, уурдаган миллиондорун кустуруу керек.









