Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин аты менен түзүлгөн коомдук фонд Усубалиевдин жеке унаасы болбогонун билдирди. Фонд бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, Усубалиевдин атына эч кандай техникалык каражат катталган эмес. Жапаровго берилген унаанын Усубалиевге тиешеси жок. Ошондой эле ошол кездеги саясаттан улам жогорку кызматтагы адамдарга мындай белектердин берилиши мүмкүн эмес болгон деп жазат фонд.
Эскерте кетсек Президент Садыр Жапаровго Кочкор районунун тургуну Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке бергенин социалдык тармак аркылуу айткан.