Домой Криминал «Майлуу» кызматын сактап калган Шухрат Сабиров эми «кылмышкер» уулун түрмөдөн...

«Майлуу» кызматын сактап калган Шухрат Сабиров эми «кылмышкер» уулун түрмөдөн да куткарып алдыбы?

526

Монополияга каршы агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабировдун СИЗО-1ден бошотулуп кетиши коомчулукта талкууга алынууда. Оор кылмышка айыпталган Сабиров кандайча бошотулганы такталып жатканын буга чейин  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген. Маалыматта: тергөө ишинде Сабиров жана камакка алынган экинчиси М.М.нын кылмыштуу жол менен байуу максатын көздөбөгөндүгү аныкталгандыгы айтылат. Мына кызык, атка минердин баласы эми  “кол тийбес” болуп койкоюп чыгып жатат. Эске сала кетсек, ушул жылдын 21—сентябрында Аброр Сабиров шериги менен автоунаа токтоуучу жайдын күзөтчүсүн сабап, байлап, ал жерден эки кымбат баалуу унааларды айдап кетишкен. Ал машинелерди Бишкектин жаңы конуштарынын бирине   катууга аракет кылышкан. Милиция көп өтпөй аларды кармаган эле. Бирок СИЗОго эки ай жаткандан кийин минтип, “сүттөн ак” болуп бошоп кетиши атасынын чоң кызматынын таасири жана акча маселесине такалып жатканы ачыкталып жаткандай.

Болбосо, 2017-жылдын февраль айынан бери Монополияга каршы агенттигин жетектеп келаткан Шухрат Сабиров моралдык укук маселеси менен кызматтан алынган жок. Же жетекчи катары агенттиктин ишин талапка ылайык жүргүзбөдү. Базардагы азык-түлүктүн ж.б. буюмдардын баасы улам улам кымбаттап  асмандап кетти . Баалардын көтөрүлүшү боюнча  чара көрбдү. Жээнбековдун бийлигинин эрке талатаң атка минери болду. Кыскасы, агенттиктин аты эле болбосо затынан эч бир кабар жок.  Садыр Жапаров бийликке келгенде далай атка минердин кызматтан айдады. Бирок алсыз кадр Сабировго тийбеди. Эмнеге? Кызыкчылыктар төп келдиби? Же Жапаров ага батасын бердиби? Кыргызда “кур аякка бата жүрбөйт” деген асыл кеп бар. Кыскасы, бул жагынан мандем бардай… Кыргыз эли өздөрү талапка ылайык иштебеген, же балдарын ар кандай бейбаштыктан, кылмыштан тыя албаган атка минерлерден качан кутулат. Же коомчулук дагы бир жолу көтөрүлүп чыгып, аларга акесин таанытышы керекпи?!