Коронавирус менен күрөшүү максатында Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин маалымат кызматынын билдирмесине таянып кабарлады.
Ага ылайык, гумжардам коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи.
“КЫРГЫЗСТАНГА ӨПКӨНҮ ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУЧУ АППАРАТТЫН 400 МОБИЛДИК КОМПЛЕКТИ ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ИШКАНАЛАРЫНАН ЧЫККАН ЭКИ МИЛЛИОН БЕТ КАП ЖИБЕРИЛМЕКЧИ”, — ДЕП АЙТЫЛАТ МААЛЫМАТТА.
Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн.
Эске салсак, жакында эле Кыргызстанга Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түшкөн.









