«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылуу жиберди. Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген. Кайрылууда:
«Мени «Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн» деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегени үчүн деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз. Сиз журналисттерге маек курганда президенттик шайлоого барарыңызды айтып, аны кийинчерээк Кочкор районунда эл менен жолугушуу учурунда ырастадыңыз. Андан кийин аймактарды кыдырып, Баткенде аймакты өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүүгө убада бердиңиз. Мамлекет башына келе турган адамды Башкы прокуратура же БШК эмес, Кыргызстандын эли чечүүгө тийиш- деп жазылган кайрылууда.
Башкы прокуратура 24-ноябрда президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө материалды караш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү.
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушкан. Анын мигранттар менен жолугушуусун Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн «Мен макул эмесмин», «Укугум бар» кыймылдары уюштурду. Жыйын Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өткөн.