Домой Экономика БШК: президенттик шайлоого 137 миллион сомдон ашуун акча кетет

БШК: президенттик шайлоого 137 миллион сомдон ашуун акча кетет

123

10-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бул сумманы бекитүү тууралуу чечим кабыл алынганын жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу эң зарыл гана керектөөлөр киргенин билдирди.

Бул акча 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдө ачылган 45 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин уюштурууга, биометрикалык жабдыктарды, компьютердик техниканы, автоматтык урналарды, бюллетендерди жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарга жумшалат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 миллион 544 миң шайлоочу каттоодо турат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон бери бул сан дээрлик жарым миллионго – 518 миңге көбөйдү.

Участкалык комиссия мүчөлөрүнүн жалпы саны 31 миң 150, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 650 адамды түзөт. Операторлор 1987, техникалык колдоо тобу 600 адам.

Бекитилген суммага бул кызматкерлерден тышкары эки миңге жакын идентификация операторунун жана 4,5 миңдей милиция кызматкеринин шайлоо күнкү тамактануусуна каралган акча да кирет.