Казакстандын Караганда шаарында 3 жашар кызды зордуктаган педофилдин соту болуп өттү.
Карагандада педофил алты жашынан баштап энесинин көзүнчө кызын зордуктап келген. Аял кызын зордуктап жаткан адамды окуя болгон кезде дайыма видеого телефонуна тартып, аны сүрөтү-видеосу менен интернетке порнографилык сайтка жүктөп, жакшы каражат таап турганын Казакстандын маалымат басылмалары жазып чыкты.
Жашы жетелек кызды зордуктаган жаран 2019-жылы күзүндө кармалган. Бул ишти коомчулукка жарыялабай, бардык иликтөө жашыруун болгону жазылат.
Жабырлануучу кызды үч жашынан баштап зордуктай баштаган. Анткени кыздын энеси атайын квартирага алып барып, ошол жерден зордукчул адамдын колуна салып берип, өзү карап турган. Бул “жетишкендиктерин” алар интернетке порно сайттарга сатып, жакшы каражат таап турганын мойнуна алышкан.
Ушундай азаптуу окуяны кыз алты жыл бою көрүп келген.
Бул иш билинбей деле калмак, эгер Интерпол аркылуу ачыкка чыкпаса. Себеби, порно сайттарга кичинекей кыздын жагымсыз сүрөттөрү, видеолорунан улам изилдөөгө алынган. Андан кийин бул иш Казакстандын укук коргоо органдарына жиберилген.
Кичинекей кызды 3 жашынан бери айбанча зордуктап, аны сүрөткө тартып, интернетке жайылтып каражат тапкан педофилге жакында эле Казакстандын соту 21 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Ал эми кызын педофилге сатып, порно сайттарга сатып акча тапкан энеси 14 жыл эркинен ажыратылды. Бул аялдын мындан башка да эки кичинекей кызы жана күйөөсү болгон. Аял кызын саткан педофил эркек анын көңүлдөшү экени белгилүү болду.
Алты жыл бою зордукталган кыз менен азыр психологдор иштеп, аны үй-булөсүндө эмес, атайын балдар интернатына жашоого жана окууга сунушталууда.
Эскерте кетсек, Казакстандын Караганда облусунда эле акыркы эки жылда 34 кичинекей бала сексуалдыку курмандыкка кабылышкан. Ошондон улам Казакстанда учурда педофилдерди бычуу маселеси ишке ашты.
Булак: Abal.kg