Диний аалым Чубак ажы Жалилов, “Марал” радиосунун эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып, быйыл орун алчу парламенттик шайлоого талапкер катары барып калышы мүмкүн экенин айтты.
“Убакыт көргөзөт. Эгер, Жогорку Кеңеште өлкөбүзгө көбүрөөк пайда тийгизе ала турганыбызга көзүбүз жетсе анда, аракет кылабыз. Эгерде, ал жакка барбастан, ушул чөйрөдө, ушул жерде жүргөнүбүз пайдалуурак болсо, анда ошентебиз. Мунун баары, элге жерге кантип пайда тийгизем дегендин айланасында болуш керек да.
Молдо дегенде, сөзсүз эле мечитке отуруп алган шарт эмес. Же саясат, парламент ошол молдо эместерге же намаз окубагандарга байлап берген менчиги эмес. Бул бардык кыргыз жарандарынын укугу, эгер, “барам” десе. Балким, убагы келгенде ылайык болуп калышым мүмкүн. Эмне үчүн саясат бирөөнүн энчиси болуш керек, карапайым адамдар карапайым болуп кала бериш керек”, – деди Чубак ажы Жалилов.
Булак: bars