Домой Саясат “Кыргызстанга” кол шилтеп кетип калгандар көбөйүп жатат

“Кыргызстанга” кол шилтеп кетип калгандар көбөйүп жатат

88

Элге жек көрүнүп, жедеп көӊүлдөргө көк таштай  тийип калган бул партияга кол шилтеп чыгып кетип жаткан талапкерлердин саны арбып жатат. Себеби, түшүнүктүү да. Маселен, тизмеде 37чи кылып жазып койгон Нурбек Сыдыгалиев, тизмеде 49болуп жазылган Акыл Кемелов, 76чы болуп жазылган Сайдулла Нышанов ж.б.  лидер Канат Исаевдин сөзүнө турбагандыгына байланыштуу  кетип калышканы маалым болду. Исаев Сыдыгалиев эбак эле талапкерлердин тизмесинде ондуктан жыйырмага чейин жазып, беките турганын айтып, башка партияларга барба деп убадасын алган дешет. Бирок иш жүзүндө Исаев Нурбек мырзаны 37ге жазып койгон. Демек, жигиттин өзү өлгөнчө сөзү өлсүн дегендей болуптур. Чынында Исаев мындай убадаларды ого эле адамга берсе керек. Бул эми эркекчиликке жатпай турган жат көрүнүш эмеспи. Эмне дейбиз, ылайым  алдым-жутумдар, былжыган быкыйлар  көбүрөөк чогулган  бул партиядан чыгып кеткен эр азаматтар, кыз-келиндер арбын болсун дейли…

Булак: Багыт