Домой Коом Абал ушул… Өкмөттү иттибай менен чоттубайлар башкарып келди!

Абал ушул… Өкмөттү иттибай менен чоттубайлар башкарып келди!

194

Эркиндик алдык дегенден бери 31 жыл өтсө, 30га жакын премьер-министрдин башкаруусунда самсаалаппыз! Бул деген шумдук го бир?!  Ортолотуп алганда бир жылда бирден адам өкмөтүбүздү башкарып бериптир да! Башкарбай калсын!  Мейли, премьердик орун илгеркидей колхоз же совхоз башкаргандай болсо бир жөн, чакан эли бар, ошого жараша чарбасы бар… андай жерди кадимки эле карапайым бирөө башкарып кете алат, анан 6 миллиондой эли бар, миллиарддаган бюджети, армиясы, эсепсиз кен байлыгы, ишканалары бар… килейген бир мамлекеттин башында башкарып туруш, ой-о-ой, өтө оӊой эмес жумуш! Мына ошол өтө оӊой эмес жумушту оюнчук кылып ойногон биздин жетекчиликке эмне баа?!  Ооба, премьр болуштун так эрежеси жок, анын окуусу да жок, бирок, өкмөттү башкаруу үчүн адамдык жогорку сапатка эгедер, аябагандай билимдүү, эл менен иштеше ала турган, далай жетекчи кызматта үзүрлүү иштеп келген, адамдарда кезикчү терс сапаттардан куру, накта атуул, чынчыл, жүрөгү тоодой адам болуш керек го. А бизде иштеген премьерлердин дээрдик көбү, жогоруда биз санаган сапаттардан караманча куру, диплому болгону менен билимсиз, адам деген аты болгону менен адамкерчиликсиз, терс сапаттар дилинде толтура, кызмат үчүн баардыгынан кечип кетчү тилеги бар, жоопкерчиликсиз, туруксуз… немелер Өкмөтүбүздү башкарып келбедиби! Бул деген элдин шору деген маани, бул деген трагедия деген маани! Ошондой оӊ эмес жолду басып келиппиз!

…Алгачкылардан болуп Өкмөттү Апас Жумагулов башкарды. Ал бул орунда беш жыл иштеди окшойт. Ал мамлекетибиздин өнүгүшүнө эч кандай салым кошкон жок, ал эми өз чөнтөгүн  толтуруп тынды, эркин өлкөнүн алгачкы коррупционерлеринен болду.. Анан Турсунбек Чынгышев премьер болду. Ал алтынга тоюп туруп баса берди окшойт… Премьер болуп Исанов менен Ибраимов да иштеди. Бат эле булар каза болуп, башкалардан айырмаланбаган бул экөөнү өлгөндөн кийин аябай мактап жатып калдык…  Муралиев, Үсөнов, Кулов дегендер премьердик орунга бир сыйрадан отуруп беришти. Муралиев эки ирет отурду окшойт. Булар да өкмөтүбүздүн экономикасын жакшырта алган жок, бирок, каалагандай тоюнуп алышты. Бөтөнчө Феликс Кулов жарылганча жеди!  Үсөнов деген неме Бакиевдерге удаалаш качты эле, эми алардын жанына Минскиге барып бизнес жасап жатканы. Өкмөтүбүздүн эӊ эле чабалдыгы да, болбосо Үсөновдой кылмышкелер кусчусун кусуп, түрмөдө отурмак да! Мурунку президенттер Бакиев менен Атамбаев , азыркы президент Жээнбеков да премьер болуп иштеп анын «кызыгына батып» коюшкан. Бул көрүнгөн эле келип иштеп жаткан орунга Исабеков, Чудинов, Бабанов, Сатыбалдиев, Жумалиев деген немелер да бир иреттен отуруп кетишкен…Жантөрө Сатыбалдиев «өлүмүш» болуп өлжүрөгөндөй көрүнгөнү менен, эӊ эле куу, кудай ургандай айлакер, анткор неме экен, элибизди сыйпалатты го?! Кубанычбек Жумалиевди алалы. Бул неме көзүнө көрүнгөндүн баарын эле менчиктей бериптир го! Эми анысын «батыра албай» көргүлүктү көргөнү турат. Же көрүмүш болуп коёбу?!

Премьерлердин эӊ жашы Сапар Исаков көп жылга кесилип кетти… Буга чейин иштеп кеткен премьерлердин бири дагы иши менен элди ыраазы кылып кеткен жок. Бири иште албай кетти, экинчиси жеп жиберип кетти, үчүнчүсү тааныштарын, туугандарын көтөрмөлөй коём деп кетти… Сөз кыскасы бир дагы премьер-министр ошол ишти жөнгө сала албай кетүүгө аргасыз болду…

Премьердик орун өтө маанилүү. Эгерде премьер туура тандалып, милдетин так аткарса, анда мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жагы жакшырып, маданияты да өнүгүп, бир сөз менен белгилегенде, жыргап-куунап жашамак да. А биздин Кыргызстандагы премьердик орун байып алганга, аброй күткөнгө гана жарап берчү жер болуп калган да. Бүгүнкү күнгө чейин ошол жолдо келатат.

Кыргызстандын азыркы премьери Кубатбек Боронов СССР кезиндеги кайсы бир совхоздун деректирине окшоп кетет. Ал деректир жогору жактын айткандарын аткарып коюп, өз оюнан эч нерсе кылбай, кылууга шаасы жок. «Мелүүн» турмуш өткөрүп жүрө берчү да. Боронов да дал ошол деректирлердей… Жок, ал жаман адам эмес, бирок, премьердик орунга таптакыр жараксыз да… Премьерге жараша министрлери жөнсүз, маселен Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев менен, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровду кайдан таап келип министр кылышкан?! Жок, булар таптакыр министр болчу жарандар эмес! Көпчүлүк министрлерге ушундай эле баа берсе жарашып жатып калганы турбайбы!

Кийинки убакта кадр маселеси таптакыр чакчелекей чыгып бүттү. Кадр тандоо деген турмуштан четтеп кетти! Азыр кадр тандоо тууганчылык, куда-сөөк, таяке-жээн, тааныш-билиш… деген жагдайларга жараша чечилип калган!

Баратбай Аракеев

Булак: Багыт