Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия утуп алды. Атактуу спортчу Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафону өтүп, жеңишке жеткен. Мария 42 чакырым 195 мертлик классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада өткөн. Олимпиадалык ченем 2 саат 29 мүнөт 30 секунда болуп эсептелет. Коробицкаядан тышкары, аталган мелдештин эркектер арасындагы жарышына Илья Тяпкин катышып экинчи орунду ээлеген. Бирок ал жолдомо ала алган жок
Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган кыргызстандык алтынчы спортчу. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия алышкан.