Домой Саясат Кайырбек Коңурбаев, изилдөөчү: Кумшекерге акиташ кошуп, адамдын ден-соолугун талкалап жатышат

Кайырбек Коңурбаев, изилдөөчү: Кумшекерге акиташ кошуп, адамдын ден-соолугун талкалап жатышат

340

Биз колдонуп жаткана кумшекер канттын составында акиташ бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Кондитердик жана кулинардык азыктардын баары акиташ менен акталган кумшекер кошулат. Аны жеген адамдын тиши түшүп, ичеги-карын ооруларына кабылат. Бул тууралуу Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургуну Коңурбаев Кайырбек Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге жазган кайрылуусунда билдирген. Коӊурбаев Кайырбектин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз.

Кайырбек Конурбаев

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Тилек Токтогазиевга Кочкор районунун                     Кум-Дөбө айылынын тургуну  Коңурбаев Кайырбектен Кайрылуу.
Менин кайрылуумдун себеби: Мына Кыргызстанда 80 жылдан бери кант кызылчасын айыл чарбасынын негизги бир тармагы катарында айдап өндүрүп келишет. Кант кызылчасын мындан ары көбөйтүү жөнүндө маселе жыл сайын көтөрүлүп келет. Бирок базардагы баага жана кант заводдордун дыйкандан сатып алган баасына жараша өзгөрүлүп, кээ бир жылда көп айдалат же аз айдалып келе жатат. Кант заводдору курулгандан  кара патоканы актоо үчүн, адамдын ден соолугуна зыяндуу, акиташтын суусу колдонушат. Бирок айла жок, башка актай турган нерсе жок болгондуктан колдонушат, бирок акиташты алмаштыра турган бариттин күлботосунун суусу бар. Бариттин күлботосунун суусун колдонсок кыргыз элинин ден соолугун сактап калууда чоң кызмат аткарган болобуз. Кыргыз элинин ден соолугу баарынан кымбат деп алдыга коюшубуз керек.  Жаш балдардан тартып, карыган адамдарга чейин 95 % тиштери түшкөн , кариес менен оорушат. Биз колдонуп жаткана кумшекер канттын составында акиташ  бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Кондитердик жана кулинардык азыктардын баары акиташ менен акталган кумшекер кошулат. Аны жеген адамдын тиши түшүп, ичеги-карын ооруларына кабылат.  Биздин тоолорубузда  барит минералы бар,  Кочкор районундагы Түндүк кенин Кытайдын  Сан-хе компаниясы иштетип, аны Түркмөнстанга, Афганистанга жана Пакистанга сатып жатышат. Ал жактарда канты иштетүүгө бариттин  порошогун колдонушат.Бул баритти иштетүүнүн лизенциясын коррупциялык жол менен тендерде колдоо көрсөтүп, Кытайлык компанияга сатып жиберишкен. Бул компаниядан лизенциясын алып, өзүбүздүң ишкерлерге бериш керек.Эмнеге өзүбүздөн чыккан барит минералын чет мамлекеттке берип, өзүбүзгө колдонбойбуз. Бул маселе эң жогорку деңгелде каралыш керек.Азыр ушул барит кенин иштетүүгө өзүбүздөн демөөрчү чыгып жатат, иштетүүнү өз колубузга алып чыккан бариттин күлботосун, биздин Кайыңды жана“ Кошой” кант заводдоруна сатсак, кумшекердин сапаты жакшырат. Жергиликтүү айыл өкмөт дотациядан чыкмак, жеринде өндүрүш пайда болуп, эл жумуш менен камсыз болмок, кыргыз элинин ден соолугу  жакшырмак, кондитердик азыктар таза болуп, жаш балдардын тиштери, келечегинде ден соолуктары таза болмок. Бешинчиден кызылча айдоочу дыйкандар көбөймөк.
 Себеби: кант заводдон акысына алган кумшекери зыяны жок таза экенин билгенде акча ордуна алууга да макул болушмак. Биз бул жерде баритти чет мамлекетке сатуу менен байыбай, элибиздин  ден соолугун сактап калуу менен байышыбыз керек. Бариттин кендери Кочкордо Түндүк кени 100 000 миң тонна, Арсы кени 600 000 тонна, Жумгалда Чаек айылынын түштүк батышындагы Табылгыты кени  1000 000 миллион тонна жана Боом капчыгайында бар. Түндүк-Кыргоо кени Кум Дөбө айыл аймагында жайгашкан. Бул ишти терең изилдеп колго алуу жагын караштырып көрүңүз. Эгер бул ишти аткарсаңыз кант кызылчасын өндүрүү туруктуу тармакка айланат. “Колдо бар алтындын баркы жок” , барит  минералынын  адамдарга зыяны жок экенин көпчүлүк биле бербейт.
Коңурбаев Кайырбек -Кочкор районунун Кум Дөбө айылынын тургуну.
Барит таш…