Домой Коом Кыргыз элинин үркөр-ай жылсанагы

Кыргыз элинин үркөр-ай жылсанагы

16

2016-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин обсерватория башчысы, ага окутуучу, астроном-изилдөөчү

Калыбеков Абакир иштеп чыкан.

Жылсанак деген эмне? Жылсанактын түрлөрү.

Жылсанак (календарь) – астрономиялык кубулуштарга негизделген узак убакыт аралыктар аралыгын аныктаган жадыбал. Азыркы мезгилде дүйнө элдеринде илимге негизделген үч түрдүү жылсананак колдонулат.

Ай жылсанагы (хижра календары)- Айдын жаңырышына негизделген эң байыркы жылсанак, азыркы кезде ислам өлкөлөрүнүн расмий жылжсанагы. Бир жыл 354,36 суткага барабар, рамазан айы хижра жылсанагынын 9-айы. Григорий календарынан 10 суткага кыска болгондуктан орозо 10 күн эрте башталат.

Күн жылсанагы – Күндүн асман чөлкөмүндөгү жылдык кыймылы негизделген. Күн жылы 365 сутка 5 саат 48 минута 46 секундага барабар. Азыркы кезде дүйнө элдеринин 80% ы григорий календары деген ат менен колдонушат. ХIV кылымда Рим папасы Григорий ХIII түн буйругу менен тактаалган. Омор Хаям ХI кылымда тактаган күн календарын Индия республикасы расмий календары катары колдонулат. Бул жылсанак Орто Азиянын элдери, алардын ичинде кыргыз эли 1918-жылга чейин колдонушкан. СССР мамлекети түзүлгөндө башка жылсанактарды колдонууга жана жарыялоого тыюу салган декрет жарыяланган. Бул жыл санактын аттары жана түзүлүшү К. Юдахиндин “Кыргызча-Орусча сөздүгүндө” сакталып калган.

Ай-Күн жылсанагы – Ай жана Күн жылсанактарын айкалышы менен түзүлгөн. Биринчи жана экинчи жыл 12 айдан (354 күн), үчүнчү жыл 13 айдан туруп, 383 күнгө барабар. Бул жылсанакты Кытай астрономдору б.з.ч. 2397-жылдан башталган жылсанак түзүшкөн. 1949- жылы Григорий жылсанагы кабыл алынганга чейин Кытайда расмий кодонулган. Ай-Күн жылсанагы Кытайда элдик жылсанак катары када-салттарда колдонулат. Ай-Күн жыл санагы Израиль мамлекети расмий колдонушат. Кыргыз эли Монгол империясынын доорунда (ХIII к.) баштап бул жылсанакты элдик жылсанагындагы аттарына которуу менен колдонуп калышкан. Ошондуктан, азыркы кезде кыргыздын элдик календары деп айтылып жүргөн ай-күн жанагындага ай аттары боюнча талаштар чечилбей келет.                               Кыргыз элинин жыл санагы жогорудагы календарлардан айрымаланып, Айдын Үркөр жылдыз тобуна салыштырмалуу кыймылы боюнча түзүлгөн жылсанак.

Үркөр-Ай жыл санагы кандай кубулушка негизделген

Кыргыз элинин байыркы жыл санагы Айдын Үркөр жылдыз тобу менен жакын келүүсү (тогоолу) жана таң алдында биринчи чыгышы менен аныкталгандыктан Үркөр-Ай жыл санагы деп аталат. Айдын Үркөр жылдыз тобуна салыштырмалуу айлануу кыймылына (сидерикалык айга) негизделген өзгөчө календарь. Үркөр-Ай жылсанак (календары) бир нече миң жыл бою кыргыз эли колдонуп келген Үркөр жылдыз тобу менен Айдын тогоолун (жакын келүүсү) астрометриялык ченөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн тыянактары менен түзүлдү.

Кыргыз элинин асман кубулуштары жана жылсанак боюнча билимдери Саймалуу-Таш петроглифдеринде жана жылсанакчылар байкооллордун негизинде сакталган. Мүйүзүнө “Күн көтөргөн” букалар, кулжа, текелар жана шоола чыгарган күн дисктери менен жылсанакчылар байыркы астрономияны таштарга чегип (петроглифдерде) сактап калган.

Таштагы сүрөттөр жана асмандагы жылдыздар.

Саймалуу-Таштагы петроглифдерде букалардын сүрөтү эң көп кездешет. Уй – эң алгач колго багылган жаныбар. Уйдун сүтүн ичип, этин жеп, букаларын күч уноо катары пайдаланышкан. Жер айдоо өздөштүрлө баштаганда жаз башталганда таң алдында биринчи чыккан жылдыздар тобун букага окшоштуруп бука деп атай баштаган. Үркөр – азыркы кыргыз тилинде бука дегенди түшүндүрөт. Үркөр жылдыз тобу куралданбаган көз менен карганда жакын жайгашкан 6-7-жылдыздан туруп, башка жылдыздардан айрымаланып көрүнөт,. Таш бетиндеги сүрттөгү тегеректин ичинде 7 буканын сүрөтү (1-сүрөт) Үркөрдөгү жылдыздардын (2-сүрөт) жайгашуусу менен дал келет.

1-сүрөт. Үркөр жылдыз тобу таш китепте

2-сүрөт. Үркөр жылдыз тобу асманда

Саймалуу-Таш петроглифдерде соко чегилген букалар көп тартылган. Кыргыз уламыштарында: “Үркөр деген букалары менен жер айдаган дыйкан болот. Үркөрдүн Үлпүлдөк деген кызын Жете баатыр ала качып кетет. Артынан Үркөр балдары менен букаларын минип кубалап, жетейин дегенде Жете баатыр асманга учуп чыгып кеткенде Үркөр да балдары менан асманга учуп чыгышат. Жете баатыр Теңир Атанын алтын казыкка аркандалган аттарын айланып качат. Үркөр да айланта кубалап жетпесине көзү жеткенде Асманды айдап тааруу себишет. Күзүндө таарулар жана самандары чачылып жылдыз болуп калат”. “Талаага таару чачтым, бул эмне» деген табышмак уламыштан уландысы. Бул уламыштан Алтын Казык, Аксарат, Көксарат, Жетиген, Үлпүлдөк сулуу, Үркөр, Саманчы жолу ж.б жылдыз аттары келип чыккан.

3-сүрөт.Мүйүзүнө күн көтөргөн кийиктер

Тенир Тоо аскаларында жаныбарлардын тегерек мүйүздөрүн ортосунда чекит тартылган. Бул тегеректер астрономияда Күндүн символу деп аталат. Күн асман сферасында (чүмбөтүндө) бир жылда толук бир айланып, ай сайын түрдүү жылдыздарга туш келет. Жылдыздарды жаныбарларга окшоштуруп куут-туутуна жараша атала баштаган. Мүйүзүнө күн көтөргөн жаныбарлар (3-сүрөт) Күн кайсы жылдызга туш келгенин билдирет. Астрономияда Күндүн бир жылдык кыймылына туш келген жылдыздар зодиак алкагы (зоон –жаныбар) деп аталат.

Үркөр-Ай жылсанагынын структурасы баяндалган петроглифдер.

Саймалуу-Таш петроглифдеринде ар түрдүү доорлордо колдонулган жылсанактатарга байланышкан символдор көп, алардын ичинен Үркөр-Ай жылсанагынын структурасы толук баяндалган (4-сүрөт). Үркөр-Ай жылсанагы Айдын Үркөр жылдыз тобу менен тогошуусуна (жакын келүүсүнө) байланышкан. Тогоолдон тогоолго чейин 27,32 сутка, толук эмес сутканы толуктап бир айды 28 суткадан эсептелген. Кыргыз жыл санагы боюнча бир жылды ар бири 28 күндөн турган 13 айга бөлүп эсептешкен (28•13+1=365). Үркөр-Ай жылсанагынын символунда дискадан 28 шоола чыгып турат, бул бир айдагы суткалардын саны. Ички дискадан 13 шоола чыгып турат, бул бир жылдагы айлардын саны. Бир айдагы суткалардын саны аптага (жумага) так бөлүнөт (28:7 =4).

Үркөр-Ай жылжанагынын символу менен метеориттин (кут) түшүү кубулушунун датасы баяндалган (5-сүрөт). Саймлуу-Таштагы петроглифдерге жакын жерде метеориттик кратер табылды [4]. Петроглифде Күн Букачар топ жылдызында турганда айдын 4-күнү түшкөндүгү баяндалган. Бул кратердеги метеорит табылганда петроглифдер чегилген дооор так жана ишенимдүү далилденет.

Ташка чегилген жылдыз карталары

 

Бул таштагы сүрөттөрдө жылдыз картасы баяндалган деп эсептейбиз. Жаныбарлардын сүрөттөрү азыркы жылдыздын аттарына жана жайгашуусуна дал келет. ☍ – белгиси астрономияда противостояние (тогоол) – асман телолорунун жакын келген абалын белгилейт (5-сүрөт). М: Ай жаңыраганда б.а. Күн менен Ай эң жакын келген абалынын белгиси. Ортодогу ийри сызык Укурук (Draco) топ жылдызы. Бул топ жылдызынын Тукан деген жылдызы б.з.ч. 4000 жылда азыркы Алтын Казык жылдызы сыяктуу дүйнөнүн түндүк уюлдунда жайгашып, кыймылсыз болгон [8]. ☍- белгисинин сол жагында Араба (Auriga) топ жылдызы. Андан төмөнтө кош чегилген эки жаныбар Босого топ жылдызындагы Кош Өгүз (Блинецы топ жылдызынын α жана β) жылдыздары, // кош сызык Саманчы Жолу, андан оң жакта Букачар топ жылдызы. Бул жылдыз каратасы менен жазгы күн-түн теңелген күндөгү Айдын жаңырган маалы көрсөтүлгөн. Бул петроглифде жылдыздардын жайгашуусу жана символдор боюнча Stellarium виртуалдык – планетарий боюнча жана астрометриялык эсептөөлөр боюнча б.з.ч. 4699-жыл дагы астрономиялык кубулуш баяндалганы аныкталды [2.].
Таш китептердеги байыркы жылдыз картасында күзгү күн-түн теңелгенде айдын жаңыруусу да баяндалган (6-сүрөт). Сүрөттө ☍белгиси жылдыз картасы экендигин билдирип турат. Бул ай жаңырган мезгилде кийиктердин куут мезгили жана адамдардын баланын төрөлүшүнө байланышкан жыныстык катнаштар баяндалган. Жай башталарда түрөлгөн бала кышка чейин аз түйшүк менен чоңойот. Күзүндө бойго бүткөн бала жай айында төрөлөт. Жылсанакты жүргүзүүнүн негизги милдеттерини бири – баланан төрөлүшүн жайга туш келтирүү болгон. Бул таш китептеги сүрөттө тоотекенин кууту жана адамдын жыныстык катнашы Текечер топ жыдлдызында ай жаңырганда жүргүзүлөрү баяндалган.
Тарыхчы-окмуштуулардын маалыматы боюнча Саймалуу-Таш петроглифдер б.з.ч. 4-3- миң жылдыкта чегилип, байыркы арийлерге таандык деп эсептешет. Арийлер калтырган “Ригведа” аталган тарыхий мурастагы маалыматтар Саймалуу-Таш петроглифдерде сакталгандыгы аныкталды [1]. Кыргыз эли байыркы арийлерден, сактардан, усундардан, хунндардан түзүлгөндүгү тарыхта жана генетикалык изилдөөлөр менен тастыталган.
Таш китепке тартылгае жылдыз картасы менен аныкталган дата б.з.ч. 4699-жыл Үркөр-Ай жылсанагынын башталыш датасы деп кабыл алууга негиз бар. Байыркы жылсанакчылар узак жылдар бою жасалган байкоолордун негизинде, астрономиялык билимдер топтолуп, кийинки муундарга калтыруу максатында жылдыздарды жаныбарларга окшоштуруп ат коюп, аларды таш бетине чегип калтырышкан. Бул жылдыз аталыштары жана символдор байыртан бери кыргыздарга белгилүү болуп, маалыматтарды жылсанактарга колдонушкан.
Кытай тарыхынын жазма булактарында “Нооруз майрамы кыргыздардан башка элдерге тараган, Алар жыл жашын Маоши деп аташат” деген маалымат сакталган [9]. Маоши – кытайча Букачар (Үркөр) топ жылдызын аташат. Бул маалыматтагы Саймалуу Таштагы таш китептердеги астрономиялык белгилер менен далилденүүдө.

      7-сүрөт. Байыркы жылдыз каратасынын чечмелениши
Жазда күн-түн теңелгенде жылдыз картасы Stellаrium боюнча б.з.ч. 4699-ж. 16-апрелде Ай жаңырган күн.

Үркөр-Ай жыл санагынын түзүлүшү.

1. Жылдын узактыгы тропикалык жылга барабар 365 сутка 5 саат 48 минута 46 секунда. Жазгы күн-түн теңелүүдө Үркөр Ай тогоолу 11-марттан 28-март аралыгында жылышып турат. Ар бир 8 жылда 21-мартта кайталанат. Ар бир 72 жылда 1 сааттык айырма менен кайталанат.

      8-сүрөт. Үркөр менен Айдын тогоолу Stellarium программасы менен анакталды.

2. Календардын кадимки жылдары 365 суткага, толук жылдары — 366 суткага барабар. 21-март жылдын башталышы болуп, «Нооруз» деп аталып, ай эсебине кирбей, « 0» санариби менен белгиленет. Толук жыл ар бир 4 жылдан кийин кайталанат. 366 – сутка да айлардын күн эсебине кирбейт. «Нооруздан» кийин коюлуп, «Чоң нооруз» деп аталып, «00» санарип менен белгиленет.

2019-2020 – жыл үчүн Ай жаңырган жана Үркөр -Ай тогоолунун даталары

Ай башталган дата өзгөрбөйт. Үркөр-Ай жыл санагынын 1-айы “беш тогоол” деп аталып, 1-күнү Григорий жыл санагы боюнча 22-мартка туура келет. Бардык айлар 28 суткадан турат. Ай жаңырган жана тогоол болгон күндөр жыл сайын өзгөрүлөт. Ар бир 8 жылда беш тогоол 21-марттка туш келет (2010-жылы, 2018-жылы ж.б.). Айлардын аттары тогоолдун аты (5 ай) менен да, кийиктедин (7 ай) аттары катар айтылып келген. Биз бардык айлардын атын тогоолдор менен атадык. Тогоолдор талашсыз кайталанаары далилденди. Аталыштардын катары бузулгандыгы убакыттын өтүшу менен байланышкан. Б.з. ч. 6499-жылы 23 тогоол жазгы күн-түн теңелген күн башталган. Жердин прецессия (калдаңдоо кыймылынын натыйжасында “23 тогоол” июль айына жылып калган. Азыркы күн-түн теңелүү беш тогоол айынын 1-күнүнө (21-март) туура келет.

Ай аттарына түшүндүрмө

5 ТОГООЛ АЙЫ 22-мартта башталып, Ай жаңыргандан беш күндөн кийин тогоол болот. Кыргыз элинин беш тогоолго карата лакабдары: “Беш тогоол болбой бел чечпейт”, “Беш тогоолдон кийин бешиктегибала тоңбойт”, “Беш тогоолдо жаз келди, өрдөк-каз келди кайрылып”, “Беш тогоолдо, кашыктай кар, томуктай тоң калбайт” .
3 ТОГООЛ АЙЫ 19-апрелде башталып, Ай жаңыргандан үч күндөн кийин тогоол болот. Айдын акырында Үркөр батып кетет. “Үч тогоолдо арык үзүлүп, семиз сүзүлөт”, “Үч тогоолдо үч буттап тушалган ат тоёт”, “Үч тогоолдо бак сайсаң, бүчүрү гүлдөп бак жаят”
1 ТОГООЛ АЙЫ – 17 – майдан башталат. Бул айда Ай жаңырган күнү тогоол болот. Бирдин айын “катаал тогоол же катар тогоол” деп аталганы “ай арасы” менен “тогоол” катар келет. Бул күндөрдө Күн да Ай да Үркөргө жакын болгондуктан тогоол көрүнбөйт. Бирдин айы жаңырганда калың кар жааган учурлар көп болгон. “Бирдин айын өткөрүп, жайлоого анан көчөсүң”, “Бирдин айын өткөрбөй таару, коногун калтырбай сепкин керегин.”
25 ТОГООЛ АЙ (арсар ай)–14-июндан башталат. Бул айда тогоол таң менен бирге болгондуктан бир жылы көрүнсө бир жылы көрүнбөйт. Бул айда Үркөр таң алдында биринчи чыгат. Дыйкандар эгинди Үркөр чыкандан кийин сугарышат. Эрте сугарган буудай коолап кетип, баш албай калат. Малчылар бул айда тоо этегиндеги жайыттарда малын жайышат.
23 ТОГООЛ АЙЫ 12-июнда башталып, бул айда Ай жаңыргандан 23 күндөн кийин Үркөр менен тогошот. Ошондуктан бул ай 23 тогоол деп аташат. Кийиктердин аты боюнча “жалган куран” деп аталат. (Жалган – жалгашуу – куутка чыгуу, куран – эликтин эркеги). Бул айда тоо этегинде жашаган эликтер семирип куутка даярданышат, мергенчилер куранга (эликке) ууга чыгышкан мезгилге туура келет. Бул айдын абал куран деген аталышы да колдонулат (Юдахин). Малчылар 23 тогоолдо бел ашып, алыскы жайлоого көчүшөт.
Тажрыйбалуу малчылар жана дыйкандар бул айда Үркөрдүн чыгышын күтө баштайт. Үркөр чыгаарга жакын койлорду батышка караган жапсарга б.а. Үркөр жаңы чыкканда көрбөй тургандай түнөтүшөт. Бул жылдыз тобу жаңы чыкканда, көргөн кой үркүп кетип, жүрөгү түшүп, семирбей калат деп эсептешет. Семирбеген койду кочкор куубайт, арыктап кыштан чыкпай калат. “Адашпай жүрсүн кыргыз деп, жылдызды берген кыргызга. Жаңылбай жаттап алсын деп, тогоолду берген кыргызга” (Эшмамбет).
21 ТОГООЛ АЙЫ 9-августа башталып, Ай жаңыргандан 21 күндөн кийин Үркөргө тогошот. Бул айдын “чын куран” деген аты да колдонулат. Бул айда мал семирете турган маал, айдын аягында Теңир Тоо куранынын кууту аяктайт. Козуларды энесинен бөлүшөт. Кочкорду койлордон бөлүп багышат.
19 ТОГООЛ АЙЫ – 6-сентябрда башталып, Ай жаңыргандан 19 күндөн кийин Үркөргө тогошот. Бул айда байыркы мергендер семириген бугуга ууга чыгышкан. Бугунун кууту сентябрдын аягынан октябрга чейин созулуп, март-апрелде музоолойт. Алыскы жайлоодогулар күздөөгө кайтышат
17 ТОГООЛ АЙЫ 4-октябрдан башталып, Ай жаңыргандан кийин 17-күнү тогоол болот. Бул айда кулжа семирген маалы болуп, кийинки айдын аягында кууту башталат. Кочкорду куутка коё беришет.
15 ТОГООЛ АЙЫ 1-ноябрда башталып, Ай жаңыргандан 15-күнү тогоол болот. Бул айда тоо текелердин семирген маал болгондуктан, ага ууга чыгышкан. Ноябрь-декабрда кууту башталып, 10 күнгө созулат, айрым жылдары гана 20 күнгө созулат.
13 ТОГООЛ АЙЫ – 29-ноябрда башталат. Ай жаңыргандан 13 күндөн кийин тогоол болот. Бул айдын кийиктердин катарында “баш оона” деген аты болгон. Байыркы түрк тилинде «огоно», «охна» – чөл кийиги жейрендин текеси). Кышында мергенчилик талаа кийигине кезек келет. Декабрь-январь айларында жейрендин кууту башталат.
11 ТОГООЛ АЙЫ – 27-декабрда башталып, Ай жаңыргандан 11 күндөн кийин тогоол болот. Бул айда мергендер бөкөнгө ууга чыгышат, кийинки айда бөкөндүн (чөл кийиги) кууту башталат.
XII. 9 ТОГООЛ АЙЫ 24-январда башталып, Ай жаңыргандан 9 күндөн кийин тогоол болот.
ХIII. 7 ТОГООЛ АЙЫ 21-февралдан – 20-мартка чейин созулуп, жыл аяктайт. Бул Ай жаңыргандан 7 күн өткөндөн кийин тогоол болот.

(Кийиктердин кууту мергендердин маалыматы боюнча алынып, Профессор Э.Д. Шукуровдун “Дикие млекопитающие Киргизии” атуу китеби менен такталды.)

Үркөр Ай тогоолу астрофотография жана виртуалдык планетарийди
салыштыруу менен такталды.

      9-сүрөт. Үркөр Ай тогоолу.
2018-жыл. 6-августь. Саат 4:02.

    10-сүрөт. Үркөр Ай тогоолу Stellarium да

Х. Кыргыздар астрономиялык кубулуштарга кантип байкоо жүргүзүшкөн.

Кыргыз боз үйүнүн түзүлүшү жана тигилиши асман сферасы, чамгарак менен ууктар координата окторун элестетет. Х1Х кылымда Ысык-Көлдүн Кең-Суу (Чолпон) айылында жашаган кыргызга таанымал жылсанакчы Манаке Айманбай уулу (1830-1914) боз үйдүн ууктарына белги коюп байкоо жүргүзгөн экен. Анын жылдын оор жеңили боюнча алдын ала айткандары дал келип, Кыргыз менен казактын жылсанакчалары андан дайыма сабак алап турган. Кыргыздар боз үйдүн эшигин чыгышка (жазда күн менен түн теңелгенде Күн чыккан чекитке) каратып тигилиши асман сферасынын негизги чекиттери жана сызыктары менен дал келип, асман телолорунун кыймылына байкоо жүргүзүүгө ылайыкташкан. Жаңы чыккан күндүн шооласынын төргө тик (перпендикуляр) түшүүсү күн-түн теңелүүнү аныктайт. Чак түштөгү түндүктүн көлөкөсү колдомто менен эшиктин ортосуна түшөт. Көлөкөнүн которулушун убакытты аныктоочу күн сааты катары колдонушкан. Түндүктүн чамгарактары кесилишкен чекит асман сферасынын зенитине, ууктар асман меридианы менен дал келет. Түнкүсүн төрдө отурган байкоочу чамгарак аркылуу Алтын Казыкты карап Кичи Жетигенди жылдыз сааты катары колдонушкан.
Кетмен – Төбөлүк жыл санакчы Мырзакул уулу Султанаалы (1869-1942) боз үйдүн айланасына бийик мамы орнотуп, жылдын мерчемдүү күндөрүндө күн чыкканда жана батканда мамынын көлөкөсүнө таш белгилерди койгон. Бул белгилер менен жыл мезгилдерин жана жылдыдын узактыгын так аныктаган.

Усталардын стандарты боюнча боз үй 4 канаттуу (керегелүү), 62 уук менен жасашкан. Ар бир керегеде 15 тен 60 уук, эшикке 2 уук байланган Мырзакул уулу Султанаалы Үркөр чыкандан кийинки алгачкы тогоолдон баштап, эсептөөнү жүргүзө баштаган. Жаңылбас үчүн тери тулупка ар күнү бирден чүкө салып турган, кийинки тогоолго чейин 28 чүкөгө толгон тулупту бууп, босогогонун сол жагында 5-уукка илинет. Тогоолдон кийинки күндөн баштап 2-тулупка чүкөлөрдү сала баштап, кайра тогоол болгончо 28 чүкөгө толгон тулупту 10-керегеге илет. Ошентип, ар бир тогоолду чүкө менен эсептеп, 28 ге толгон тулуптар керегелерге илине берген. 12-тогоол бирдин айынын тулубу босогонун оң жагындагы 60-уукка, арсар айдын тулубу эшиктин үстүнө илинет. Мындай жол менен жыл санактагы талаш-тартыштар чечилип, жылдардын ортосундагы оош-кыйыштар такталып турган. Боз үй алдындагы жыл сааты күнгө карата жыл санакты так эсептөөгө, керегеге илинген чүкө салган тулуптар Үркөр-Ай жылсанагын так эсептөөгө шарт түзгөн. Совет доорунда ата бабалардын калтырган акыл мурастары эскинин зыяндуу калдыгы деп эсептелип, атайлап жоготулган. Ж. Турусбековдун “Энеме” деген ырында: “-Ха, ха. Чүкө салган тулубум! –Ташта энеке! Кереги жок мунуңдун”, – деген саптар менен советтик интелегенциянын тарыхый мурастарга болгон мамилесин даана чагылдырган. Ыргытылган тулуптар менен ата бабалардан калган акыл мурастары жоготулган.

ТЫЯНАКТАР:
Кыргыздардын элдик оозеки чыгармаларында байыркы астрономиялык билимдеринин элементтери сакталган;
Теңир Тоодогу “таш китептерде” (петроглифтерде), астрономиялык
символдор кыргыздарга таандыгы, уламыштар, уруу белгилери жана рун жазуусуна чейинки эволюциясы аныкталган;
Ушул кезге чейин кыргыз жылсанагы деп аталып жүргөн, кытайлар колдонгон Ай-Күн жылсанагы экендиги жана анда кыргыз аталыштары гана сакталгандыгы далилденди;
Кыргыздардын элдик жылсанагы Айдын Үркөр жылдыз тобу менен
биригүүсү боюнча аныкталган б.а. айдын сидерикалык мезгилине негизделген дүйнөдөгү бирден бир жылсанак экендиги аныкталып, Үркөр-Ай жылсангы деп аталды;
Үркөр-Ай жылсангы Айдын сидерикалык мезгилинин (27,32 сутка), Күндүн өз огунун айлануу мезгилдерин (≈28 сутка) жана аялдардын менструалдык циклдеринин (≈28 сутка) бири-бирине байланышы;
Ай жаңырганда аба ырайынын өзгөрүшү Күн менен Айдын
гравитациясынын натыйжалоочу чыңалуусуна байланыштуу деп эсептейбиз жана орто кеңдиктин тоолуу аймактарында аба ырайынын өзгөрүшүнө сезилерлик таасирин берет;
Үркөр-Ай – жылсанагы кийиктердин куут мезгилдери тогоолдорго дал
келүүсү биоритмдер космос ритмдери байланышы далилдеген дүйнөдөгү жалгыз жылсанак;
Кыргыз жылсанагыны түзүлүшү боюнча космостук жана адамдын жана жаныбарлардан денесиндеги биоциклдерге менен байланышкан, дыйканчылык жана малчарбачылыгына анын пайдаланууга ыңгайлулуугу менен өзгөчөлөнт.

Адабияттар
Калыбеков А. Кыргыз элинин асман кубулуштары жөнүндө билимдери жана жылсанагынын астрономиялык негиздери Б.: Рекламир. 2018. 240-б.
Калыбеков А. Астрономические основы плеяддо-лунного кадендаря. / Наука вчера, сегодя и завтра. 37-международная научно-практическая конференция. Часть 2. – Новосибирск:СибАК.- 2016- с. 78-86.
Калыбеков А. Разпознавание и датировка петроглифы Саймалуу-Таша. / Материалы первого алтаистического форма. Тюрко-Монгольский мир Большого Алтая: «Историко-культурное наследие и современность» , – Барнаул: 2019.
Калыбеков А. Саймалуу-Таштагы метеориттик кратер жөнүндө. / Вестник КНУим. Баласагына: 2019/4 (100). 176-180-б.
Сотоноев Б. Кыргыз тарыхы. Тарыхий очерктер. Б.: -1993.
Сейдеакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүктөрү. Ф.: 1985.
Жумаев Т. Кыргыз элинин улуттук календары.Б.: 2012.
Климишин И.А. Календарь и хронология. – М.: 1985.
Кюнер Н.В.Китайские известия о народах Южного Сибири, Центральная Азии и Дального Востока. М., 1961./ Кыргызы: Источники, история, этнография. Сост. О.Караев, К. Жусупов, – 1996. Стр. 17-18.