1-июнга карата Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 7 саясий партия документтерин тапшырды.
11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырган партиялар:
- «Өнүгүү-Прогресс»;
- «Социал-демократтар»;
- «Замандаш»;
- «Келечек-Будущее»;
- «Ата Журт – Кыргызстан»;
- «Биздин Кыргызстан»;
- «Ынтымак».