Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин 52 жаштагы (З.Ж.) жана 37 жаштагы эки жаран «Женго» аттуу каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунан чыкканын ачык жарыялады. Бул боюнча маалыматты УКМК кабарлады. Мекеме билдиргендей, алар мындан ары мыйзамды толук сактоого милдеттеме алышты. Кадыр Досонов Камчы Көлбаевдин түштүк аймагына койгон » көзөмөлдөчүсү» экенин көпчүлүк билет. Андыктан Досоновду жана анын балдарын Камчы Көлбаевден бөлүп кароого болбойт. Ал эми кылмыштуу топко мүчө болгон адам, кайра андан өмүр бою чыга албасын карапайым эл дагы, укук коргоо органдары да эӊ сонун билет. Андыктан, УКМК элге мындай чындыкка дал келбеген маалыматтарды тартуу менен алек болуп жатканы коомчулукта жакшы кабыл алынбайт…
ИИМ Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталганын мурда билдирген.