Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Кыргызстан кедей өлкө деген түшүнүктөн арылууга чакырды. Бул тууралуу ал «Азаттык» үналгысына берген маегинде билдирди.
«Кыргызстанда көптөгөн байлыктар бар . Тилекке каршы ошол байлыктар элге иштебей «илита» деген топтун колунда турат.Мына ошол байлыктарды колдонсок Кыргызстанды эки жылда бутка тургузса болот. Ошону аткаруу үчүн мен президенттик шайлоого аттандым«, -деди Сегизбаев.