Домой Коом Кыйынчылыктан бизнес кылган “эргулбайлардан” сактан элим!

Кыйынчылыктан бизнес кылган “эргулбайлардан” сактан элим!

82

19-марттан берки кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан пайдага туйтунган ортомчулдардан сактангыла! Ушул тапта фейсбукта ортомчулдар чек ара кырдаалын пайдаланып алманы кымбат баада сатып жатышат. Анткени, кыргы-казак чек арасындагы кырдаал айы-чарба продукциялардын сыртка чыгуусуна эч кандай тоскоолдук жараткан эмес, тынымсыз өтүп жатышты. Бирок, ушул кырдаалды пайдалануу менен ортодон эбегейсиз пайда табууну көздөгөндөр бери дегенде алманын ар бир килограммынан 30-40 сомдон пайда таап жатышат. Маалыматтарды элдердин боорусун ооруткандай кылып жазып, бүтүндөй элди жалган маалыматтарына ишендирип киришти. Ошол себептен ортомчул “эргулбайлардын” кылыктарына абайлоого чакырыктар башталды. Кыргыз-казак «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде айыл-чарба продукциялары жана жергиликтүү ишкерлердин тоаврлары эч тоскоолдуксуз өтүп жатканы баарына маалым болчу.