Домой Дүйнөдө Кыйраган имараттар, кансыраган эл… Жарылуудан кийинки Бейрут (сүрөт)

Кыйраган имараттар, кансыраган эл… Жарылуудан кийинки Бейрут (сүрөт)

206

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуудан 78 адам набыт кетип, 4 миңден ашуун киши жаракат алды.

Урандыларды тазалоо, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктар жана жараат алгандардын саны көбөйүшү ыктымал деген божомол бар.

Шаардын бир нече кварталы толугу менен кыйрап калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, химиялык зат (нитрат аммония) сакталган портто коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жарылуу болгон

Жабыркагандардын арасында Казакстандын Бейруттагы консулу да бар деп коншу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жергиликтүү тургундар жарылуунун үнү 200 чакырым алыстыктагы Кипрде да угулганын билдиришүүдө. Калаа башчысы окуяны Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы өзөктүк жарылуулар менен салыштырды.

Булак: Элдик Медиа