Бүгүн, 5-августка карата өлкөдө коронавирустан дагы 11 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтты.
Бишкек шаары – 5;
Ош шаары– 1;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1;
Баткен облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1.
Жалпы каза болгондордун саны 1 миң 438ге жетти.