Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго козголгон кылмыш иш кайра каралат. Жогорку сот анын ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу тууралуу арызын канааттандырганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
«Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыпталган Карганбек Самаковду 2017-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка шериктеш болуу», «Коррупция» беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Аны менен кошо дагы беш адам, алардын арасында уулу Кубанычбек сегиз жылга кесилген.
2019-жылы алар №26 жатак абакка которулган.
Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.
Булак: Азаттык