Домой Саясат 5 миллион сом төлөөгө даяр Авазов

5 миллион сом төлөөгө даяр Авазов

20

Акыркы убакта Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган Салайдин Авазовдун камалганына эки жылга чукулдап калды. Аны да ТЭЦтин “каардуу тегирмени” жалмап таштоого кесепети тийди. Арийне, камалгандардын айрымдары эптеп кутулушту. Кээ бирлери дале болсо камактын боткосун жегенге мажбурланууда.

Ден-соолугунун начарлап кеткенинебайланыштуу Салайдин күнөөсүн мойнуна алып, 5 миллион сомду айыпка төлөөгө даяр экендигин коомчулук билди. Чын эле өмүрдөн артык эмне бар дейсиң? Көшөрүп камакта жаткандан көрү туугандарды жардамга чакырып, эркиндикке чыккан жакшы эмеспи? Авазовдун бул чечими негизинен туура. Болбой эле желкеңди кашый берсең сага бирөө кол сунуп көмөк көрсөтпөйт. Алтын баш аман болсо чыгым болгон каражатты тапса болорун деле көргөнбүз. Демек, бул оң тарапка алып баруучу кадам…

Булак: Ачык сөз