Домой Коом Короновиурс төрт миңдей дарыгерге жукту

Короновиурс төрт миңдей дарыгерге жукту

22

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде дагы 12 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 7-декабрда коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымат таратты.  Бишкек шаарында 9, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден медкызматкер илдетти жуктуруп алган.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 980 учур катталды, алардын ичинен 3 679 дарыгер сакайды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти. Оору жуккандардын жалпы саны 75 395, илдеттен 67 400 адам айыкты.