Индиянын Махараштра штатында Шанкар Кураде аттуу жергиликтүү тургун коронавирустан коргонуу максатында 4 миң долларлык алтын бет кап тагынып жүрөт. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Индиянын Махараштра штатынын жашоочусу күмүш бет кап кийип жүргөн адамды көргөндөн кийин алтын бет кап жасоого буйрук бергенин айткан.
“Алтындан бет кап жасоо идеясы күмүш бет кап кийип жүргөн адамды көргөндөн кийин келген. Мен алтын чынжырчаларды жана шакектерди тагынып жүргөндү жакшы көргөндүктөн, алтындан жасалган бет кап кийүүнү чечтим. Анан жергиликтүү зергерден мага алтындан бет кап жасап берүүсүн өтүндүм” – дейт Шанкар Кураде.
Бет каптын салмагы болжол менен эки жарым килограммды түзөт, ал эми баасы 3870 АКШ доллар.
Шанкар Кураденин айтымында, бет кап жергиликтүү тургундардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурду.
“Алтын бет капты тагынып көчөгө чыкканымда мен коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болдум. Менин үй-бүлөмдүн алтынга кызыгары ушул аймакта кеңири белгилүү болсо да, алтын бет кап – бул таптакыр жаңы нерсе, ошондуктан адамдар кызыгып калышты” – дейт Шанкар Кураде.
Акыркы маалыматтар боюнча, Индияда COVID-19дун 648 315 учуру катталган, 394226 адам айыгып, 18 655 бейтап көз жумган.
Булак: Кыргыз Тудей