Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова реанимацияда экенин анын уулу Кубаныч Аманбеков «Фейсбуктагы» баракчасына 4-июлда жазды. Ал депутат кандай илдеттен жабыркаганын тактаган жок.
Мусабекова 2-июлда видео кайрылуу жарыялап, анда ооруп калганын, бейтапканаларда орун жок болуп жатканын жана медициналык жардамга муктаж экенин айткан. Дене табы көтөрүлбөгөнүн, жөтөлү жок экенин, бирок кыйналып жатканын кабарлаган. 5-июлда илдет менен күрөшүп жатканын жазган.