Салима мунун баарына өзүн күнөөлүү сезип, чыдап жашай бергенин, акыры кантип качып чыкканын «Азаттык» радиосуна айтып берди.
Баары жомоктогудай башталган..
Мен ал адамга 2017-жылы күзүндө жолуккам. Сылык-сыпаа, Есениндин ырларын жатка айткан, маданияттуу жигит көрүнгөн.
Ошол маалда бирөө “бул көр жеме, зөөкүр адам” десе такыр ишенмек эмесмин. Адеп таанышканда абдан көп окуган, интеллектуал адамдай таасир калтырды. Улгайган энелерге жардам берип, айрымдарын жолдон жетелеп өткөрүп койчу.
Таанышканыбызга бир ай боло электе колумду сурады. Баш тарта алган жокмун. Мындай жакшы адам кийин жолукпай калсачы деп ойлодум.
Мурдагы никеден кызым бар. Ал аутизм менен ооруйт. Жаңы таанышкан жигиттин ошол кызыма жасаган мамилеси жүрөгүмдү жибитти. Кыялымдагы адамга жолукканыма өзүмдү өтө бактылуу сезип жүрдүм.
Жакшы үй-бүлөдө чоңойгом, 13-мектепти, андан кийин Кыргыз-орус Славян университетин аяктагам.
“Аны менен сүйлөшпө, мындай кийинбе”
Сүйүүдөн башың айланып турганда көп нерселерге маани бербейт экенсиң. Маселен, ал өтө кызганчаак эле. Бир жакка барсам, сүрөт жөнөтүп, отчет беришимди талап кылчу.
«Тиги менен сүйлөшпө”, «бул жакка барба”, “чачыңды өстүр” деп жемелеп, жашоомду көзөмөлдөй баштады. Муну ал мага кам көрүп жатканы менен түшүндүрчү.
Мына ушундай “кам көрүү” дагы манипуляциянын бир түрү экенин кийин түшүндүм. Ошентип ал баарына кийлигишчү болду.
Кызыгы, колумду сурап алып, үйдөгүлөр кыз узатуу тоюна даярданып жатканда күтүүсүз жерден жоголуп кетти.
Ата-энем, туугандарым мындай жоругуна таң калып кызыктай абалда калдык. Абдан ыза болдум. Эл караган бетимди жер каратты. Сөзгө сындым. Анан “эмнеден жаздым экен?” деп суроомо жооп издей баштадым.
Ошону менен жоголуп кетпей, бир нече айдан кийин кайра пайда болду. Көрсө, адамды өзүнө көндүрүп, баш ийдирип алгандан кийин күтүүсүз жоголуп кетүү дагы манипуляциянын же адамды психологиялык жактан башкаруунун бир ыкмасы экен. Абдан кыйналып, сагынып жүргөндүктөн кайра пайда болгонуна аябай сүйүндүм. Ал жылан чакпай, жылкы теппей жоголуп кетишинин себебин оңдуу түшүндүргөн жок.
Үйлөнүү ага стресс болгону сыяктуу ар кайсы шылтоонун башын айтып тим болду. Акыры той да болбой калды. Биз жөн гана чогуу жашай баштадык.
Ал мыйзамдуу никеге кийин турарыбызды, тойго каражат сарптоо зарыл эмес экенин айтты. Мен баарына макул болуп, ата-энемди дагы көндүрдүм. Албетте атама менин тандоом жаккан жок. Ал бир жолу сатып кеткен адам экинчи жолу да сатарын эскертти. Бирок сүйүктүүмө чаң жугузгум келбеди, атамдын акылы кулак кырынан кетти.
“Күнөөнү өзүмдөн издедим”
Чогуу жашай баштаганда көп ичерин байкадым. Ал муну бала кезинде аябай кыйналганына жана ар кандай башка себептерге шылтачу. Анткен сайын боорум ооруп, анын көзүн карай баштадым. Болгон сүйүүмдү арнап, чындап кам көрсөм эле баары жакшы болуп кетчүдөй сезилди. Бир күнү мас болуп келип бир чапты. Көрсө мени көчөдөн бирөө карап койгон экен. Оозго алгыс сөздөр менен сөктү.
Эртеси күнү ойгонгондо бул дүйнөдө андан жакшы адам жок эле. Кечирим сурап, мени жакшы көрөрүн, экинчи мындай кадамга барбастыгын айтып жатты. Ал ошондой эле “сен сулуусуң да, мен сени башкага кетип калат деп корком” деп айтар эле. Аялдар ошондой сөздөргө эле алданып калат экенбиз да. Анткени баарыбыз эле үй- бүлөнү сактап калгыбыз келет эмеспи.
Ошол окуядан кийин ичип келип, кол көтөргөн адат тапты. Эртеси жалдырап кечирим сурайт. Бир жолу ал мени карай бөтөлкө ыргытты. Мен болсо “урушканым үчүн уруп жатпайбы, тилимен таптым» деп өзүмдү күнөөлөгөнгө өттүм. Көрсө көп эле аялдар ушинтет экен. Бир күнү кызымдын көзүнчө муунтуп, колум сынгыча сабады.
Албетте, менин баянымды окуп жаткандар “эмнеге кетип калган жок?” деп ойлошу мүмкүн. Кол үзгөнгө бир нече жолу аракет кылдым. Бирок ал “кызыңа бир нерсе болот деп ойлобойсуңбу?” деп коркутчу. Акыры кызымды ата-энеме алып барып бердим. Анын коопсуз жерге жеткиргенден кийин гана өзүмдү ойлой баштадым.
“Менден башкага керегиң жок”
Бир жолу ал узагыраак сапарга кеткенде кийим-кечемди чогултуп, кеткенге камдандым.
Бирок ал мурдагыдай отчет бербегеним үчүн шек санап тез эле кайтып келиптир. Чыгып кетүүгө үлгүрбөй калдым. Ал мени адаттагыдай уруп-сабаган жок. Мени жакшы көрөрүн, менин андан башка эч кимге керегим жок экенин, досторум, керек болсо ата-энем деле батырбасын айта баштады.
Кайрадан алдандым, ишендим, калдым…
Аны менен жашаган жылдары аябай арыктадым. Уйкум качып, тамакка табитим тартпай калды. Анан калса ал тамак жасаганымды жактырчу эмес. Такай жемелеп, кемирип-кесип, уруп турчу. Анткен сайын мен өзүмдөн күмөн санай баштадым.
Милицияга кайрыла алган жокмун. Анткени денемдеги көгала тактар тарагыча бура бастырбай кайтарып, эч жакка чыгарчу эмес. Андан кийин далилдөө кыйын эмеспи.
Сырттан караган кишиге телегейи тегиз, бактылуу түгөйлөрдөй көрүнчүбүз. Ал “сен идеалдуу болсоң, төбөмө көтөрүп жүрмөкмүн” деп айта берчү.
Акыры канча аракет кылбайын оозунан жакшы сөз чыкпасын, түшүндүм.
“Ачык айтууну чечтим”
Акыры мен андан кеттим. Бирок ал тынчыган жок. Биз чогуу жашаганда менин интимдик сүрөттөрүмдү тарткан эле. Ошолорду «элге жаям» деп коркута баштады. Ошондуктан бул тууралуу кимдир бирөөгө айткандан уялып, коркуп жүрдүм. Акыры психология боюнча курстарга бара баштадым. Өзүмдү манипулятордон коргоону үйрөндүм.
Анан аны менен сүйлөшүп, сүрөттөрдү өчүрүп салуусун сурандым. Бирок ал баягыдай эле билгенин кыла берди. Каалаган убакта келип үйдөн сүйрөп чыгат. Ошондо элге өзүм ачык айтууну чечтим. Ал качанкыга чейин мени коркутушу керек? Эл эмне дейт деп отура бермек белем?
Адеп башыман өткөн зордук-зомбулук тууралуу “Твиттерге” жазганда кайра мени күнөөлөгөндөр болду. Колдогондор дагы аз эмес. Ошондой эле мага жүздөн ашуун кыз-келин ушундай эле психологиялык басымга, зомбулукка кабылып жүргөнүн жазышты.
Биз зомбулуктун курмандыгы дегенде эмнегедир билимсиз, караңгы аялды элестетебиз. Бирок чындыгында билимдүү, сулуу, шайыр кыздар дагы баарына чыдап жүрө беришет.
Неберелүү болгонго чейин күйөөсүнүн психологиялык басымына чыдап жашагандар толтура. Ар биринин кол шилтеп басып кете албаганынын себеби бар. Көбү баласы үчүн чыдашат. Анткени баланы толук кандуу үй-бүлөдө чоңойткусу келет. Ал эми айылдарда бул көйгөй андан дагы терең. Себеби, «психологиялык басым көрсөттү, кууратты» деген келиндин кайра өзүн шылдыңдап, тебелеп салышат.
Ошондуктан көбү зомбулук тууралуу ачык айтышпайт. Бирок менимче бул теманы ачык айтып, убагында чекит коюш керек. Анткени өзүңдүн, балдарыңдын саламаттыгы, бактылуу жашооң маанилүүбү же элдин оюбу? Албетте эркектин бардыгы эле жаман эмес. Үй-бүлөсүнө камкор, жакшы мырзалар да абдан көп. Бирок ошол зөөкүр эркектердин айынан кыз-келиндерде эркектерге болгон сый-урмат, ишеним жоголо баштады. Бул абдан өкүнүчтүү.
Сен күнөөлүү эмессиң!
Башыман өткөн окуядан кийин мен кол тийгизбегени менен аялына психологиялык басым көрсөтүп, кемсинтип турган эркектер көп экенин билдим. Алар адамды уу сөзү, көр жеме менен сындырышат. Аны дайыма уккан аялдын өзүн-өзү баалоо сезими төмөндөйт.
Психологиялык басымга кабылгандар арыз-муңун кимге, кайда барып айтууну да билишпейт. Ичинен өзүн жейт, өзүн күнөөлөйт.
Мен ошондой абалда калган эже-сиңдилерге зомбулук көрсөңөр ичке катпагыла, дайыма ачык айткыла деп кеңеш бергим келет. Бүгүн мен айтсам, эртең башка он аял, бүрсүгүнү отуз аял айтса, аялдарга зомбулук көрсөтүү кабыл алынгыс экени көбүрөөк адамга жетеби деп ойлойм.
Кыз-келиндерге, курбуларыма, эже-сиңдилериме «Сен эч качан күнөөлүү эмессиң!» деп айткым келет.
Сен ал адамга турмушка чыкканыңа, аны сүйүп калганыңа, андан балалуу болгонуңа күнөөлүү эмессиң. Ар дайым өзүңө ишен. «Ал мени сүйгөнү үчүн уруп атат» деп эч качан жаңылыш ойлобо, бул сүйүү эмес. Аны оңолот деп үмүттөнбө, күтпө. Дени сак, эрктүү аялдар болбосо, күчтүү коом дагы курулбайт.
Түгөйүн кордогондор же психологиялык ызанын кесепети
Психолог Самат Алканов түгөйүн сөз менен жеген, зомбулукка барган адамдарга мындай баа берди:
«Психологиялык, физикалык жактан зордук-зомбулук көрсөткөн адамды Кыргызстанда акыркы жылдары абьюзер деп атай башташты. Бул англис тилинен алынган сөз. Абьюзердин сүрөттөй келсек, бул негизинен балачагында кандайдыр бир ыза болгон, кимдир бирөөнүн басмырлоосуна кабылган адамдар. Алар кичине кезинде өзүн ата-эненин көңүлүнүн сыртында калгандай, эч кимге кереги жоктой сезген болушу мүмкүн. Ошол балдар ичинде ушундай оор сезим менен жашап, кийин чоңойгондо ызасын башка адамдан чыгарып, өз максаттарына жеткенге аракет кылышат. Анткени психологиялык жактан туруктуу адам башкаларды басынтпай, басмырлабай эле мамиле түзө алат. Абьюзерге түгөй болгон адам өзүн күнөөлүү, бактысыз сезип, депрессияга батышы мүмкүн.
Мунун кесепетинен кайра эле ошол абьюзерге көз каранды болот же ичкиликке берилген өңдүү терс жолго түшүп кетиши ыктымал. Бир аял мага күйөөcү болбогон себептер менен уруп-сабап, ишинде да эркек кесиптештери менен сүйлөшүүгө тыюу салып, курбуларына жолугууга уруксат бербей жатканын айтып кайрылды. Ал аял кийин өзүнүн күнөөсүз экенин билип, күйөөсү менен ажырашып кетти. Бирок анда эркектерге болгон жек көрүү сезими пайда болду. Демек ичиндеги проблема чечилген жок. Андыктан ал аял менен кайра иштөөгө туура келди».
Булак: Азаттык