Мындан сырткары ал балдар үйүнө сыналгы белек кылып, бийге жана ырга шыктуу балдардын талантын өркүндөтүү үчүн музыкалык аппарат убада кылды.
Сарыбашов ушул үйдө тарбияланып жаткан беш бир тууганга демөөрчүлөр менен чогуу батир белекке бериле турганын билдирди. Сөз болуп жаткан беш бир туугандын апасы оор турмуштан улам 2013-жылы балдарын интернатка тапшырган. Аял 2018-жылы кайтыш болгон.
Эске салсак, демөөрчүлөрдүн жардамы менен «Боорукердик» балдар үйүнө жаңы имарат курулууда. Мында 21 бала тарбияланат.
Булак: Жебе Медиа