Домой Коом ККББ кызматкерлери бажы кызматынын жасалма мөөрүн контрабандалык унааны аныкташты

ККББ кызматкерлери бажы кызматынын жасалма мөөрүн контрабандалык унааны аныкташты

43

МБКнын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу 2022-жылы чыгарылган «BMW i4» маркасындагы автотранспорт каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган унаага жасалма документтер (транспорт каражатына декларация, келип чыккандыгы тууралуу сертификат жана Корея Республикасынын инвойсу) даярдалгандыгы аныкталган.
Андан ары ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМ КИББ кызматкерлери менен биргеликте Н.у.О. аттуу КР жараны кармалган, ал КР ИИМ «Унаа» ММда баштапкы каттоо жүргүзүү жана каттоого коюу үчүн документтерди жасалмалаган.

Жогоруда аталган жарандын унаасын текшерип кароодо бир нече автотранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөр, ошондой эле КР бажы кызматынын 4 бирдик санындагы жасалма мөөрлөрү, Беларусь Республикасынын ИИББ МАИБдин 2 бирдик санындагы эсептен чыгаруу жөнүндө мөөрлөрү жана транспорт каражаттарына катталбаган КРнын мамлекеттик номердик белгилери табылган.

Азыркы учурда МБК КР аймагына мыйзамсыз киргизилген жана КР ИИМ «Унаа» ММда мыйзамсыз баштапкы каттоого алынган башка унааларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.